Министрлер кабинети курулуш компаниялардын «кара тизмесин» түзөт

Министрлер кабинети өлкөдөгү элди алдабай иштеген курулуш компаниялардын реестрин түзөт. Бул тууралуу парламенттин 13-апрелдеги жыйынында минкабдын башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Жыйында депутат Дастан Бекешев Төрөбаевден курулуш тармагын реформалоо боюнча долбоор парламентке качан чыгарыларын сурады. Төрөбаев ал долбоор дагы деле иштелип жатат деп жооп берди.

«Биз азыр жобо иштеп чыгып жатабыз. Жакында бүтөт. Өткөндө [курулуш компаниялардын кара тизмеси жөнүндө] айтканыңызды интернеттен окудум. Азыр биринчи кезекте реестр түзөбүз. Ошондо биздин акчасын салган адамдар [элди алдабай иштеген компаниялар жөнүндө] так маалымат ала алышат. Тартиптүү, карыздары жок, эч кимди алдаган эмес, сотто процесстери жок курулуш компаниялар реестрге кирет. Ошондо биз тазаланабыз. Экинчиде котловандан казуу этабында сатуу маселеси турат. Муну дагы биз көзөмөлгө алабыз», — деп билдирди Төрөбаев.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев Бишкекте көп кабаттуу үй куруп берүүнү убадалап, бирок дольщиктердин алдында милдетин аткарбай койгон ондон ашык курулуш компаниясынын өзү түскөн «кара тизмеси» менен бөлүшкөн. Тизмеде эл өкүлү үйлөрдү куруп бүтүрбөй койгон 11 фирманы атаган.

Депутаттын пикиринде, ар бир курулуш компаниясынын ишин карап чыгуу керек, бардык жагдайлар тийиштүү мыйзамда камтылышы үчүн. Ал курулуш компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүп, өз милдеттерин аткарбаганы үчүн лицензияларын чакыртып алуу керек деп эсептейт. Бекешев бул ишке өлкө башчысы киришиши зарыл, эгер ал так тапшырма берсе, депутаттар тийиштүү мыйдам долбоорун колдоп берет деп белгилеген.