Жалал-Абаддагы Токтогул Сатылганов эс алуу багы 23 млн сомго оңдолот

Жалал-Абад шаарында Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багы 23 млн сомго реконструкцияланат. Бул тууралуу шаардык мэриядан 12-апрелде билдиришти.

Маалыматка караганда, паркта жарыктандыруу, тротуарлар, отургучтар толугу менен жаңыланып, көрктөндүрүү иштери жүрөт. Ошондой эле сейил бактагы фонтан оңдолот. Курулуш Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.

Мэриядан сейил бак 1960-жылы курулуп, андан бери реконструкциядан өтпөгөнүн белгилешти.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жони» паркы. Сузакта Камчыбек Ташиевдин агасынын элесине арналган эс алуу багы ачылды