Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясына болгон баа кымбаттайт

Кыргызстанда 1-майдан тарта тургундар үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. Тиешелүү токтомго 14-апрелде минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындан тышкары документке ылайык, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирет:

  • электр энергиясын 700 кВт/саттан жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат — 1 кВт/саат үчүн 2 сом 16 тыйын.
  • калктын аялуу катмары үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт/саат үчүн 50 тыйынды түзөт.
  • электр энергиясын жана кубатуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн тариф 5 сом 4 тыйындан 3 сом 28 тыйынга төмөндөтүлдү.

«Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шартта калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн зарыл болуп жатат», — деп билдиришти минкабдан. 

Министрлер кабинетинен иштеп жаткан жылуулук жана гидроэлектростанцияларды реконструкциялоого жана модернизациялоого карабай, учурда энергетика жабдууларынын 80%дан көбү эскирген абалда экенин кошумчалашты.

Жаңы тарифтик сетка:

 

Керектөөчүлөр 1 кВт.с үчүн болгон 01.05.2023-ж. тартып 

1 кВт.с үчүн 

болот

Жогорулоо/Төмөндөө 
Калк 0,77 сом

лимит – 700 кВт.с

1,0 сом

лимит – 700 кВт.с

+ 0,23 сом 
лимиттен жогору 

2,16 сом

Бийик тоолуу аймактар 0,77 сом 

лимитсиз 

1,0 сом 

лимитсиз

+ 0,23 сом
Аз камсыз болгон 

үй-бүлөлөр 

(Эмгексоцминдин тизмеси боюнча)

0,50 сом

лимит – 700 кВтч

0,50 сом 

лимит – 700 кВтч

0,0 сом
лимиттен жогору 

2,16 сом

 

Калк үчүн чектөөсүз 

тариф

5,04 сом  3,28 сом  - 1,76 сом 
 

Бюджеттик керектөөчүлөр 

 

3,40 сом  3,40 сом  0,0 сом
 

Айыл чарба, өнөр жай жана башка керектөөчүлөр

 

2,52 сом  2,87 сом + 0,35 сом
 

Насостук станциялар 

 

1,095 сом  1,247 сом + 0,15 сом 
 

Социалдык, диний уюмдар жана жүргүнчүлөрдү ташуучу электр транспорту

 

1,68 сом  1,91 сом + 0,23 сом 
 

Цемент заводдору 

 

3,28 сом  3,28 сом 0,0 сом 
 

Майнинг субъекттери, алтын ылгоочу фабрикалар, куюучу, эритүүчү цехтер, алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча ишканалар

5,04 сом 5,04 сом 0,0 сом
 

Керектөөчүлөрдүн жаңы категориясы

 

 

23 кВт чейин белгиленген кубаттуулуктагы электр мобилдери үчүн кубаттоо станциялары (жай кубаттоо)

 

2,87 сом 
 

Электр мобилдери үчүн кубаттоо станциялары (кубаттуулукту чектөөсүз)

 

4,42 сом