Президенттин Оштогу өкүлү Жамалдинов жана анын орун басары кызматтан алынды

Зиядин Жамалдинов, Данияр Жаныкулов жана Турусбек Ногоев

14-апрелде Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, анын биринчи орун басары Данияр Жаныкулов жана Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев да кызматынан алынды. Буга чейин Жаныкулов кабинетинде конверт кабыл алган видео тараган.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссиянын жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Кечээ 13-апрелде соцтармактарда Ош облусунун башчысынын орун басары Данияр Жаныкуловго окшош киши иш бөлмөсүндө бир нече адамдан конверт алып жана берип жаткан видео тасма тараган.

Тасмадан Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевди жана «АККА компаниялар тобу» ЖАКтын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Керимберди Макеевди жана башка кишилерди көрүүгө болот.

Ошол эле күнү Жаныкулов аталган видео өзүнүн иш бөлмөсүндө тартылганын ырастап, комментарий берген. Анын катарында Ногоев менен Макеев дагы сөз сүйлөп, «эч кандай коррупциялык иш-чара болгон эмес» деп айтышкан.

Жаныкулов видеодогу конверттер — «элден келген арыз-муң, ар кайсыл ишканалардан келген майрамдык куттуктоолор» деп түшүндүргөн. Аны менен катар ал, орун басарлык кызматта иштеген мезгилден тарта мыйзамсыз салынган имараттарды буздуруп, туура эмес берилген жерлерди мамлекеттин эсебине кайтарганын айтып, мындан улам «бирөөлөргө жакпай калганын» билдирген.

«Анан албетте, ошол адам кантип бирөөлөргө жагат? [...] Биз өзүбүз да кайсыл учурда ким келип чаап кетет деп коркуп жүрдүк. Үйгө кирип баратканда дагы корккондон подъезддерди карап, ошондой шартта иштедик. Жерлерин, имараттарын алдырып аткан, кызыл сызыкка курулуп калган имараттары бузулуп аткан адамдар, албетте, бизге каршы кутумдуктарды уюштуруп, бизге каршы иштерди жасашты. Ал белгилүү. Мына бүгүн дагы жасап жатышат», — деген Жаныкулов.

Ошондой эле Жаныкулов президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновду жана анын жакындарын «соцтармакка тараган видеону уюштурууга» күнөөлөгөн. Анын айтымында, облустук администрациядагы IT багытындагы кызматкер Нургазы Жамалдинов — өкүлдүн жакын тууганы.

Жамалдиновдун айланасындагы чырлар

Жогорку Кеңештин үстүбүздөгү жылы 9-марттагы жыйынында Жусупбек Коргонбай уулу баштаган бир катар депутаттар Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жер тилкелерин «агасынын атына мыйзамсыз каттатып алган» деп айтып чыгышкан.

Ал эми Жамалдинов муну «жалаа» деп атап, баары тиешелүү органдар териштирүү жүргүзгөндөн кийин аныкталат деп билдирген.

Кийинчерээк 3-апрелде соцтармактарда Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Султанбек Жунусовдун сүйлөшүүсү жазылган аудио тараган.

Анда облус башчысы айыл өкмөт жетекчисинен «өндүрүш багытындагы жерди турак жай багытына өзгөртүп берүүнү сураган». Облустук администрация аудиодо Жамалдинов сүйлөгөнүн тастыктап, бирок аны «атайын уюштурулган» деп атаган.

Ал эми журналисттер аталган 5 гектар жер облус башчысынын тууганына катталганын жазып чыгышкандан кийин облустук администрация жер тилке учурда жеке тарап Мамадалиев Нуржигит Бердали уулу аттуу жаранга тиешелүү экенин маалымдашкан.

Зиядин Жамалдинов — Жогорку Кеңештин үчүнчү, төртүнчү жана алтынчы чакырылыштарында депутат болгон. Ал Ош облусунун башчылыгы кызматына 2021-жылы 22-июлда Жарасул Абдураимовдун ордуна дайындалып келген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Абдураимов кызматтан көтөрүлүп, ордуна экс-депутат Зиядин Жамалдинов келди

Депутат Коргонбой уулу Ош облусунун башчысы жерлерди агасына мыйзамсыз каттатканын айтып чыкты

Журналисттер облус башчысы трансформациялоого аракет кылган тилке анын тууганына таандык экенин аныкташты