Журналисттер облус башчысы трансформациялоого аракет кылган тилке анын тууганына таандык экенин аныкташты

Зиядин Жамалдинов жана Султанбек Жунусов

Материал 4-апрель саат 17:30да жаңыланды

3-апрелде соцтармактарда Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Султанбек Жунусовдун сүйлөшүүсү жазылган аудио тарады.

Анда облус башчысы айыл өкмөт жетекчисинен «өндүрүш багытындагы жерди турак жай багытына өзгөртүп берүүнү сураган». Облустук администрация аудиодо Жамалдинов сүйлөгөнүн тастыктап, бирок аны «атайын уюштурулган» деп атады

Ал эми журналисттер аталган 5 гектар жер облус башчынын тууганына катталганын жазып чыгышкандан кийин облустук администрация жер тилке учурда жеке тарап Мамадалиев Нуржигит Бердали уулу аттуу жаранга тиешелүү экенин маалымдады.

Эмне болду?

Соцтармактарда тараган аудио жаздырууда президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысына аталган аймакка караштуу беш гектар өндүрүш багытындагы жеке менчик жерди калктуу конуштар багытына өзгөртүп берүүнү сурап жатканы угулат.

Ал эми Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Султанбек Жунусов бул мыйзамсыз экенин, кийин «жоопко тартылып каларын» айтып, бул ишти жасабай эле коюуну суранган.

Журналисттер билдиргендей, Жунусов устүбүздөгү жылы 17-мартта өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Ал аудио өткөн жылдын май-июнь айларында жаздырылганын тастыктап, «облус жетекчиси андан жердин категориясын өзгөртүүнү талап кылганын» айтты.

«Мен ошол жерде “андай кыла албайм, кылмыш ишке тартылам” деп ток этер эле айткам. Мага “өнөр-жай багытынан калктуу конуштар категориясына которуп бер” деп айткан. Которууга болбойт, мыйзам жол бербейт», — деди ал «Т-Медиага» берген маегинде.

Облустук администрациянын жообу

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу аталган билдирүү боюнча «Т-Медиа» телеканалына комментарий берип, «аудио кескиленип бөлүшүлгөн» деп билдирди.

Анын айтымында, соцтармакта тараган билдирүүдө сөз Төлөйкөн айыл өкмөтүндө жайгашкан өнөр-жай багытындагы 5 гектар жер тууралуу болуп жатат. Бирок ал жер документтер боюнча жеке тарапка тиешелүү дейт.

«Ал жер өнөр-жай багытында экен, ошону губернатор айыл өкмөт башчысы менен мажбурлабай, жөн эле суранып акылдашып жатат да. Жердин ээси — жеке тарап, биздин өкүлгө “жерибиз жөн эле турат, калктуу конуш [категориясына] өзгөртүп берсеңиздер, мен атуулдук милдетимди аткарып, айыл өкмөттөгү жерге чындап муктаждарга жер тилкеси кылып бөлүп берсем” деп кайрылган экен», — деди Муратбек уулу.

Анткен менен 4-апрелде Bulak.kg басылмасынын журналисттери аталган жер облус башчысы Жамалдиновдун бир тууганынын уулу — Руслан Арапбаевге катталганын аныкташты. Басылма жарыялаган документте Арапбаев жер тилкесин 2022-жылдын 8-апрелинде сатып алганын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, Руслан Арапбаевдин буга чейинки толук ысымы Жамалдинов Руслан Арапбаевич болгон. Ал 2020-жылдын июнь айында Жамалдинов деген фамилиясын өзгөртүп, жыйынтыгында толук аты-жөнү Арапбаев Руслан Арапбаевич болуп калган.

Арапбаев фейсбук баракчасында Жамалдинов менен дос. Мындан тышкары ал облус башчысы тууралуу маалыматтарды баракчасында бөлүшүп турат.

Материал жарыяланар алдында облустук администрация Төлөйкөн айыл өкмөтүндө жайгашкан 5 гектар өнөр-жай багытындагы жер тилке жеке тарап Мамадалиев Нуржигит Бердали уулу аттуу жаранга тиешелүү экенин маалымдады.

Сүрөт: Ош облустук администрация

Тиркелген документ боюнча аталган жер тилкеси 2022-жылдын 8-апрелинде Руслан Арапбаевдин атына катталса, ал эми ошол эле жылы 21-сентябрда Бердали уулунун атына өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Коргонбой уулу Ош облусунун башчысы жерлерди агасына мыйзамсыз каттатканын айтып чыкты