Жалал-Абад: Мэрияга караштуу жерге өзүм билемдик менен турак жай курулганы аныкталды

Иллюстративдик сүрөт.

Жалал-Абад шаарында мэрияга караштуу жерге өзүм билемдик менен көп кабаттуу турак жай курулганы аныкталды. Башкы прокуратура буга шаардагы архитектура жана курулушту жөнгө салуу башкармалыгынын тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөнү себеп болгонун 13-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү прокуратура мэрияда текшерүү ишин жүргүздү. Анда курулуш компанияларынын бири уруксат кагазы жана долбоордук документтери жок муниципалдык жерге көп кабатуу үй куруп алганы белгилүү болду.

Бул боюнча көзөмөл орган «Өзүм билемдик» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен иш козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, март айында Оштогу шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери көп кабаттуу үй курууга корутундуларды мыйзамсыз бергени аныкталып, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголгон.

Автор: Бурулсун Жумалиева