Бишкек: Милиция кызматкерлери баңгизат саткан интернет-дүкөндүн ээсин кармашты

Бишкекте шаардык милиция кызматкерлери баңгизат саткан интернет-дүкөндүн 27 жаштагы ээсин кармашты. Бул тууралуу 15-апрелде милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн чөнтөгүнөн жалпы салмагы 7,5 грамм беш таңгак гашиш, ал эми үйүнөн 105 грамм марихуана табылды. Телефонунда болсо интернет-дүкөндүн аккаунту бар экени аныкталды.

Бул боюнча «Баңгизатты, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынды.

Буга чейин, 14-апрелде УКМКнын кызматкерлери Бишкекте эл аралык туруктуу баңги тобунун мүчөлөрүн кармашкан, алардын арасында 9-11-класстын окуучулары да болгон.

Тинтүү учурунда алардын баштыктарынан жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык баңгизат табылган. Аны «дозалап» сатканда жалпы наркы 11 миллион 800 миң сомдон ашары айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«12 млн сомдук баңгизат». Бишкекте мектеп окуучулары болгон эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды