«12 млн сомдук баңгизат». Бишкекте мектеп окуучулары болгон эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды

Бишкекте туруктуу эл аралык баңги топторунун биринин мүчөлөрү кармалды. Арасында шаардагы мектептердин биринин 9-11-класстын окуучулары да бар. Бул тууралуу 14-апрелде УКМК билдирди.

Баңгизаттарды «жашырууга» аракет кылган мектеп окуучулары. Сүрөт: УКМК

Маалыматка ылайык, 27-мартта Иса Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын «жашырууга» аракет кылып жаткан жеринен 18 жана 16 жаштагы балдар кармалган.

«Кармалгандардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык «Альфа PVP» баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак табылып алынган. Бул 1 грамм заттын базар баасы 10 миң сомду түзөт, бир таңгагы интернет мессенжерлер аркылуу 5 миң сомдон сатылууда», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, табылган 921 грамм баңгизаттан 2302ге жакын доза чыгары, бул баңгизаттын «дозалап» сатылган баасы 11 млн 857 миң 500 сомго жетери айтылат.

Бул боюнча «Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо ишинде, 4-апрель күнү Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жатканда 19 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну колго түшкөн.

13-апрелде Ош шаардык милициясы Кыргызстанда синтетикалык наркотик тараткан ири канал жабылганын кабарлаган. Кылмышка шектүү катары 19 жана 20 жаштагы балдар экени айтылган.

4-апрелде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген «Принцесса Дури» интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңгизаттар үчүн күрөөчүлөрдү сабап, кечирим суратууга мажбурлаган топтун үч мүчөсү кармалган.