«Кумтөрдүн» калдык сактоочу жайын финляндиялык компания кайра иштетет

Финляндянын Metso Outotec компаниясы Кумтөр кенинин калдык сактоочу жайын кайра иштетет. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кумтөрдүн маалыматына ылайык, Metso Outotec компаниясы атайын сынактан кийин тандалып алынган, сынакка 22 өлкөнүн компаниясы катышкан. Жыйынтыгында, Финляндиянын Мetso Outotec компаниясынын калдыкты кайра иштетүү ыкмасы эң оптималдуу деп табылган.

Metso Outotec’тин сайтында компания технологиялык процесстердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу, тоо-кен жана башка калдыктарды кайра иштетүү аркылуу энергия жана сууну керектөөнү азайтуучу чечим жана технологиялар менен иштери айтылат.

Кумтөрдөн 27 жыл ичинде калдык сактоочу жайда 150 миллион тонна калдык чогулганын кошумчалашты. Ишкана кендеги калдыктарды кайра иштетүүдөн мамлекет 2040-жылга чейин 3,5 миллиард доллар пайда көрүшү мүмкүн деп божомолдоодо.

Компаниянын басма сөз кызматынан калдыктарды кайра иштетүүчү завод бардык экономикалык жана техникалык негиздемелер даяр болгон соң башталарын билдиришти. Завод жылына 12 миллион тонна калдыкты кайра иштетүүгө ылайыкталат. Долбоор 2026-жылдын экинчи жарымында иштеп башташы керек.

Кумтөр кениндеги калдык сактоочу жайдын калдыктарын кайра иштетүүдөн алтын алуу пландалып жатканы 2023-жылдын февралында эле айтылган. Анда калдык сактоочу жайдан алына турган алтындын 3,5 млрд АКШ доллары деп бааланып жатканы белгиленген.

Тема боюнча: «Кумтөр»: Калдык сактоочу жайдагы калдыктардан 3,5 млрд долларлык алтын өндүрүү пландалууда