«Кумтөр»: Калдык сактоочу жайдагы калдыктардан 3,5 млрд долларлык алтын өндүрүү пландалууда

«Кумтөр Голд Компани» Кумтөр кениндеги калдык сактоочу жайдын калдыктарын 2040-жылга чейин толугу менен кайра иштетип бүтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 7-февралда КГКнын ишмердүүлүгү боюнча президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен өткөн кеңешмеде белгилүү болду.

«Калдык сактоочу жайдагы калдыктар жарым кургак зыянсыз аралашмага иштелип чыгат. 2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынып башталат. Ошентип жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алынары пландалууда. [...] Калдык сактоочу жайдан алына турган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 млрд АКШ доллары деп бааланууда», — деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Буга чейин бийлик «Кумтөрдүн» калдык сактоочу жайында 105 тоннага жакын алтын бар экенин айткан. Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2022-жылдын апрелинде жакын арада калдыктардын 48%ын бөлүп алууга мүмкүндүк берген технологияны өздөштүрүү башталарын билдирген.

Президенттин басма сөз кызматы кеңешмеде «Кумтөрдүн» 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчёту жана жакынкы келечекке пландары каралганын белгиледи.

Алсак, КГКнын президенти Алмаз Барыктабасов былтыр «Кумтөрдө» 17,3 тонна алтын өндүрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32,1 млрд сом суммасында которгон, бул пландалган которуудан 6,6%га жогору.

Барыктабасов дөңгөлөк чыгаруучу завод куруу долбоору тууралуу дагы айтып берди. Анын айтымында, завод «Кумтөр» кенин казуучу самосвалдардын дөңгөлөктөрүн гана эмес, өлкө аймагындагы жеңил жана жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн дагы кайра иштетүүнү көздөйт.

Мындан тышкары, ал «Кумтөрдүн» гана эмес, башка тоо-кен жана курулуш ишканаларынын да өндүрүштүк керектөөлөрүн жабууга ылайыкталган кубаттуулугу жылына 50 миң тонна акиташ заводун куруу долбоору тууралуу дагы айтып берди.

Жапаров өз кезегинде КГКнын менеджментинен өлкөдөгү ири алтын кенин натыйжалуу жана рационалдуу башкаруу талап кылынаарын эскерттиип өттү. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, Жапаров «“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ачык-айкын ишмердүүлүгүн камсыздоого, айрыкча жабдууларды жана башка керектүү буюмдарды сатып алуу сыяктуу тармактарда коррупцияны болтурбоого өзгөчө көңүл бурганы» айтылат.

«Кумтөрдүн» ишмердүүлүгү боюнча кеңешме Эсептөө палатасынын отчёту жарыялангандан кийин өттү.

Эсептөө палатасы 3-февралда «Кумтор Голд Компани» ишканасынын 2021-жылдын 17-майынан 2022-жылдын 30-июнуна чейинки ишмердиги боюнча 104 беттик аудиттик отчётун жарыялаган. Анда компания, анын ичинде компаниянын ошол учурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк тарабынан каражат ыксыз коротулганы айтылган. Мекеме жалпысынан 63 бузууну аныктаган.

Эсептөө палатасынын отчётуна Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров үн катып, отчёт «коомдук аң-сезимди манипуляциялоого жана президент Садыр Жапаровдо Бөлтүрүк күнөөлүү экен деген ой калтырууга багытталган» деп билдирген. Абакиров ЖМКда Бөлтүрүктүн «Кумтөрдө» тышкы башкаруучу болуп турган учурда жасаган иштерин «туш келди каралоо» жүрүп жатат деп эсептейт.

Тенгиз Бөлтүрүк жарым жылга жакын убакыттан бери камакта. Ал өткөн жылдын сентярында Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш ишин козгогону белгилүү болгондон кийин кармалган. Анда компаниянын жооптуу адамдарынын коррупциялык схемаларынан мамлекетке 1 млрд доллардай зыян тийгени айтылган.

Бөлтүрүк болсо өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин «абсурд» деп атап, кол алдындагылардын баары үчүн жооп бере албасын билдирген.