Forester аралашкан коррупция: Мамлекетке келтирилген 100 млн сомдук зыяндын орду толтурулду

Салык инспекторлорунун жана Forester компаниясынын ортосундагы коррупциянын кесепетинен мамлекеттик казынага келтирилген 100 миллион сомдук зыян толугу менен кайтарылды. Бул тууралуу 19-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш боюнча 10 салык инспектору жана жеке ишканалардын үч жетекчиси кармалган.

«Алар "Ф" тобундагы компаниялардын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, республиканын бюджетине иш жүзүндө төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасын бир нече эсе төмөндөтүп, 3,3 миллион сом өлчөмүндө гана салык төлөшкөн», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Буга чейин, 18-апрелде УКМКнын кызматкерлери Forester компаниясынын директору Александр Череповду жана аны менен бирге салык кызматынын 10 инспекторун коррупцияга шектеп кармаганы маалымдалган.

Ошол эле күнү Черепов үй камагына бошотулган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Forester — Кыргызстандын рыногундагы ири дистрибьютордук компаниялардын бири, ал 1997-жылы негизделген. Компания алкоголдук ичимдиктерди, шербеттерди, кондитердик жана консерва азыктарын, ошондой эле жууп-тазалоочу каражаттарды алып келет.

Жеке ишкерлерди тинтүү жана кармоо

Кыргызстанда ири компаниялардын директорлорун тинтүү жана кармоо биринчи эле жолу болуп жаткан жок. 2022-жылдын августунда УКМК «Үмүт жана Ко» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Журат Абдуллаевди ок дары, курал-жарак жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактоого шектеп кармаган.

Ишкердин үйү жана иштеген жеринен чоң сандагы курал-жарак, жарылуучу заттар, ошондой эле пулемёту бар ок өтпөгөн унаа табылган.

УКМКдан Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн ар кандай калибрдеги курал-жарактар жана салмагы 2,03 граммды түзгөн баңгизат дагы табылганын билдиришкен. Ошондой эле 822 млн сомго чукул акча алынган. Андан кийин Абдуллаев күнөөлүү деп табылып, курал-жарактар жана 800 млн сомдон ашуун каражат мамлекеттин эсебине өткөн.

2023-жылдын апрелинде ИИМ «Аю» компаниясын тинтүүгө алган. Анда компаниянын заводунан 260 тоннадан ашык мыйзамсыз жүгүртүүдөгү спирт жана акциздик маркасы жасалмаланган 13 миң бөтөлкө арак табылган.

ИИМден компаниянын дагы 118 дарегинде тинтүү жүргүзүлүп, ал жактардан дагы иш боюнча шектүүлөр кармалганын кошумчалашкан.

Тинтүүгө чейин президент Садыр Жапаров «Аю» компаниясын миллиондогон салыктарды төкпөй, акциздерди жасалмалап, спирт контрабандасы менен кармалган деп айыптаган.

Ал ошондой эле бийлик «Аю» компаниясынын спирт жана арак чыгарган заводу конфискацияланганын, алар мамлекеттин карамагына өтөрүн билдирген. Анын айтымында, бул мыйзам чегинде жана «кустуруу» делген нерсенин алкагында болгон.

Автору: Бурулсун Жумалиева