УКМК Forester компаниясынын директорун коррупцияга шектеп кармады

УКМКнын кызматкерлери 18-апрелде Forester компаниясынын директору Александр Череповду кармашты. Бул тууралуу УКМКга таянып «Азаттык» жазды.

Мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, Черепов менен кошо Мамлекеттик салык кызматынын дагы 10 инспектору коррупцияга шектелип кармалган. Черепов УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Атайын кызмат Forester компаниясында тинтүү да жүргүзгөн. «Кактус.медианын» маалыматына ылайык, учурда компаниянын ишмердүүлүгү токтотулуп, эшигине мөөр басылды. Басылма өздүк булактарына таянып, коррупция иши боюнча тийгизилген зыян 200 млн сом деп өлчөнүп жатканын дагы кошумчалады.

Күн мурун, 17-апрелде УКМК бизнес менен кутум сүйлөшүүгө барган деп шектелген 10 салык кызматкери кармалганын билдирген. УКМКдан алар 100 млн сомдон ашык суммада төлөнө турган салыктын өлчөмүн атайылап кемитишкенин маалымдашкан. Кармалгандардын баары камакка алынган.

Forester Кыргызстандын рыногундагы ири дистрибьютордук компаниялардын бири, ал 1997-жылы негизделген. Компания алкоголдук ичимдиктерди, шербеттерди, кондитердик жана консерва азыктарын, ошондой эле жууп-тазалоочу каражаттарды алып келет.

Кыргызстанда ири компаниялардын директорлорун тинтүү жана кармоо биринчи эле жолу болуп жаткан жок. 2022-жылдын августунда УКМК «Үмүт жана Ко» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Журат Абдуллаевди ок дары, курал-жарак жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактоого шектеп кармаган.

Ишкердин үйү жана иштеген жеринен чоң сандагы курал-жарак, жарылуучу заттар, ошондой эле пулемёту бар ок өтпөгөн унаа табылган.

УКМКдан Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн ар кандай калибрдеги курал-жарактар жана салмагы 2,03 граммды түзгөн баңгизат дагы табылганын билдиришкен. Ошондой эле 822 млн сомго чукул акча алынган. Андан кийин Абдуллаев күнөөлүү деп табылып, курал-жарактар жана 800 млн сомдон ашуун каражат мамлекеттин эсебине өткөн.

2023-жылдын апрелинде ИИМ «Аю» компаниясын тинтүүгө алган. Анда компаниянын заводунан 260 тоннадан ашык мыйзамсыз жүгүртүүдөгү спирт жана акциздик маркасы жасалмаланган 13 миң бөтөлкө арак табылган.

ИИМден компаниянын дагы 118 дарегинде тинтүү жүргүзүлүп, ал жактардан дагы иш боюнча шектүүлөр кармалганын кошумчалашкан.

Тинтүүгө чейин президент Садыр Жапаров «Аю» компаниясын миллиондогон салыктарды төкпөй, акциздерди жасалмалап, спирт контрабандасы менен кармалган деп айыптаган.

Ал ошондой эле бийлик «Аю» компаниясынын спирт жана арак чыгарган заводу конфискацияланганын, алар мамлекеттин карамагына өтөрүн билдирген. Анын айтымында, бул мыйзам чегинде жана «кустуруу» делген нерсенин алкагында болгон.