Байсалов: №1 гимназиянын мугалимдери окуучулар катышкан митингден соң толугу менен жумуштан алынды

Бишкектеги №1 гимназиянын мугалимдери окуучулардын катышуусундагы нааразылык акциясын өткөргөндөн кийин жумуштан толугу менен бошотулушту. Бул тууралуу 18-апрелде минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Байсалов «жүз пайыз туура маселе коюлуп жатса дагы балдарды арзан куралга айлантууга жол берилбесин» айтты.

«Мугалимдер жамааты толугу менен, жүз пайыз жумуштан бошотулду. Биз буга чейин аларды башка мектептерге бөлүштүрүп, башка жумуш менен камсыз кылалы деп ойлонуп жатканбыз, бирок мындан кийин бул, албетте, чоң өзгөчө кырдаал. Жаңы мугалимдердин жамаатынын балдарга эч кандай зыяны тийбейт. Мектеп толугу менен [ошол бойдон] калат», — деп билдирди Байсалов.

Ошондой эле ал, окуучуларды «нааразылык акцияга катыштырып, козголоң уюштурган мугалимдердин ишин укук коргоо органдары иликтеп баштаганын жана анда кылмыштын курамы болсо кызматкерлер жоопко тартыларын» белгиледи.

Бул маалыматты Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Арстамбекова дагы ырастап, окуу үзгүлтүксүз уланып жатканын жана жаңы мугалимдер кабыл алынганын билдирди.

Арстамбекованын белгилешинче, жалпы 40тай мугалим кызматынан бошотулду, ал эми айрым мугалимдер митингге чейин эле өз каалоосу менен жумуштан кетишкен.

Окуучулар катышкан митинг

Үстүбүздөгү жылы 17-апрелде Бишкектеги Каниметов атындагы №1 мектеп-гимназиясында мугалимдердин окуучулар аралашкан митинги өткөн. Соцтармакка тараган видеодо мектеп окуучулары колдоруна плакаттарды көтөрүп, жаңы дайындалган директордун ишмердүүлүгүгө каршы болуп «Келбесин, келбесин» деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Бишкек мэриясынан окуу жайдагы нааразылыктар №1 гимназияны №71 Тоголок Молдо атындагы багар-көрөрү жок жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мектеби менен бириктирип, «Тоголок Молдо атындагы мектеп-комплексин» түзүү жөнүндө чечимден улам келип чыкканын билдиришкен.

Ошондой эле, мэриядан №1 гимназиянын мугалимдеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган жерине жараша борбор калаанын башка мектептеринен жумуш орундары сунушталганын айтышкан.

Буга чейин мугалимдер жамаатынын Бишкек шаардык прокуратурага жолдогон кайрылуусунун негизинде түзүлгөн комиссия мектептин ишмердүүлүгүн текшерген. Натыйжада, одоно мыйзам бузуулар аныкталган.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 18-апрелде билим берүүдөгү маселелер тууралуу жыйында №1 гимназиядагы окуяны сынга алып, окуучуларды чыр-чатактарга колдонууга жол бербөөгө чакырган.

Авторлору: Нураида Рахманова, Мээримай Акунова

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: №1 гимназияны кайра түзүп, жаңы директор дайындоо нааразылыктар менен коштолду