«Баатырымдан калган белек». Чек ара жаңжалында каза тапкан Мирлан Ниязовдун аялы көз жарды

Өткөн жылы 14-17-сентябрда болуп өткөн кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон аскер Мирлан Ниязовдун жубайы Сатина Лайлиева кыздуу болду. Бул тууралуу 24-апрелде «Клоопко» Лайлиева өзү маалымдады.

«3 килограмм 250грамм салмакта төрөлдү. Баатырымдан белек калды деп, атын Белек койдум», — деп билдирди ал.

Лайлиева борбор калаадагы менчик клиникалардын биринде көз жарды.

Ушул тапта эки баласы менен Бишкек шаарында убактылуу төрт бөлмөлүү үйдө жашап жатат.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында каза болгон Мирлан Ниязов. Сүрөт: Интернеттен алынды

Чек арада окко учкан Ниязовдун кош бойлуу жубайы эки баласы менен буга чейин жолдошу кызмат өтөгөн аскер бөлүктө жашап жаткан. Лайлиева мамлекет тарабынан берилген батир кайненесине катталып калганын айтып, президентке кайрылуу жолдогон болчу.

Көз жарган аял «Клоопко» маек куруп, турак-жай маселеси дагы чечилгенин сүйүнчүлөдү. Анын айтымында, Нургалы Асаналиев аттуу меценат ага Бишкектен батир берүүнү убадалады.

«23-февралдагы энелердин, жубайлардын катышуусундагы [чек ара жаңжалында курман болгондорду] эскерүүдө Нургалы Асаналиев өзү тосуп алып, “аскердик бөлүктө жашаган болбойт, балдарың кичинекей экен, үй берилет сага, ага чейин дагы [үйүңдү] камсыздайм” деп убактылуу жайгаштырып кетти», — деп билдирди ал.

Лайлиева убадаланган үйдүн курулушу 1,5-2 жыл аралыгында бүтөрү айтылганын, учурда балдары «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин бала бакчасына барып жатканын кошумчалады.

Талашка түшкөн үй

2022-жылдын декабрында Лайлиева чек арачыларга мамлекет тарабынан берилген үй кайын энесине катталып калганын айтып чыккан. Ал мындан улам балдары менен маркум жолдошу кызмат өтөгөн Баткендеги №2022 аскердик бөлүктө жашоого аргасыз болгонун билдирген.

Аял балдарына да, өзүнө да аскердик бөлүктө күн кечирүү моралдык жактан кыйын болуп жатканын айтып, маселесин чечип берүүнү өтүнгөн.

Ал эми маркум Мирлан Ниязовдун апасы «уулу Сатина Лайлиева менен экинчи никеде жашаганын» айтып, батирдин ага берилүүсүн «мыйзамдуу» деп эсептерин билдирген.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматы Ниязовдун үй-бүлөсүнө Ош шаарынан батир берилгенин тастыктап, бирок «Чек ара кызматы алардын үй-бүлөлүк маселесине аралаша албайт» деп билдиришкен. Бирок өкмөт каза болгон аскерлерге 1,2 миллион сом кенемте бөлүп, каражат соттун чечими менен бөлүштүрүлмөй болгон.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптаган. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Жаңжалда кыргызстандын 63 жараны курман болду — анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Ал эми 206 адам ар кандай жаракаттарды алды — алардын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 миллион сом деп бааланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Балдары менен аскердик бөлүктө күн кечирип жаткан маркум чек арачынын жубайы бийликке кайрылды