Балдары кырсыктаган Лесное айылынын тургундары президенттен мектеп куруп берүүнү суранышты

Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнө караштуу Лесное айылынын тургундары мектеп куруп берүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Алардын айтымында, тургундар бул маселе боюнча бардык органдарга кайрылган, бирок эч ким жардам берген эмес.

«Биздин Лесное айылында 1500 киши жашайт, кайрылбаган жерибиз калган жок, ушул айылга бир мектеп куруп берсин деп, ошол мектептин жоктугунан биздин айылдан Манас айылына барышат, 7 км жол жүрүп, кышы жайы ташыйт элек, кече күнү биздин автобусту уруп кетип, 24 балабыз ооруканада, көпчүлүгү реанимацияда жатышат. Көптөн көп суранабыз, мектеп куруп бериңиз», — деп кайрылышты тургундар президентке.

Лесное айылынын дагы бир тургуну мектеп курууга айылда баардык шарттар — жер, генплан да бар экенин, бирок курулуш башталбай жатканын белгиледи.

«2016-жылы эле генпланга түшкөн, долбоордон өткөн, бирок баягы айыл өкмөттөр улам алмашып, бүтпөй калган. Военно-Антоновкага өтүп кеткен, ал жерде салынып бүтүп калды. Бизде жерибиз дагы даяр, генплан деле даяр, ушул мектепке бир жардам берип койсоңуз, — деди ал.

Дагы бир айыл тургуну балдар үчүн башка айылдын мектебине барып келүү оор экенин, жол көп убакытты аларын, балдарды ташыган автобус да эскиргенин билдирди.

«Бизди дагы ошентип илгери автобус ташып алып келчү, анда балдар аз болчу, калк дагы аз болчу, айыл чоңоюп жатат, эл көбөйүп жатат, автобуска балдар батпай калып жатат. Үч нөөмөттө окушат, үч жолу алып барып, үч жолу алып келмей. Чоң маселе болуп жатат, кышында кыйын эле болуп калып жатат. Автобусубуз дагы эски», — деп жагдайын айтты тургун.

Бишкек — «Манас» аэропорту жолундагы балдардын катышуусундагы авария 20-апрелде болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, мектеп автобусу GoBus кичи автобусу менен кагышкан.

Жол кырсыгынан 27 бала жабыркаган. Алардын үчөөсү жеңил жаракат алгандыктан үйгө коё берилген. Дагы бир баланын абалы өтө оор – ал жандандыруу бөлүмүндө. Окуучунун жаак жана сан сөөктөрү сынган.

Дагы окууңуз: Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда мектеп автобусу кырсыктап, жалпы 21 адам жабыркады