Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда мектеп автобусу кырсыктап, жалпы 21 адам жабыркады

Материал 17:30да жаңыланды.

20-апрелде Бишкек — «Манас» аэропорту жолундагы авариядан жалпы 21 адам жаракат алды — алардын 20сы жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта төрт бала жана бир киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир баланын абалы өтө оор, үчөөнүкү туруктуу оор деп бааланууда.

«Ооруканага жаткырылган калган балдардын абалы туруктуу, алган жаракаттарынын оордугуна жараша дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, керектүү медициналык жардам алышууда», — деп белгилешти министрликтен.

Буга чейин «Кабар» маалыматтык агенттиги Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына таянып, Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда мектеп автобусу менен GoBus кичи автобусу сүзүшкөнүн жазган.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Милициядан авариянын келип чыгуу себептери такталып жатканын кабарлашкан.