Бишкек: Милиция активист кыздан митингге даярдык боюнча түшүнүк кат алып коё берди

Материал саат 16:50дө жаңыртылды.

«Каршылык» уюмунун активисттери 26-апрелде Бишкекте алардын үзөңгүлөшү, фемактивист Татьяна Медведеваны милиция кармап кеткенин билдиришти. Активисттердин маалыматына ылайык, бул алдыда, 1-майда боло турчу пикетке байланыштуу болушу мүмкүн. Буга чейин уюм пикет өткөрүлөрүн билдирген болчу.

«Биздин “Каршылык” жаш оппозициялык уюмубуз 1-майда пикет өткөрүлө турганын жарыялаган болчу. Анда өлкөдө айлык акы көтөрүлсүн, иш жана окуу ордунда ыдык токтотулсун деген негизги талаптар айтылмак. Тек гана ушундан улам уюмдун үзөңгүлөшүнө бийлик тараптан басым-кысым болуп жатат», — деп билдиришти уюмдагылар.

«Каршылыктын» маалыматына ылайык, Медведева борбор калаанын Биринчи май РИИБге жеткирилген.

Кийин райондук милициядан «Клоопко» активист кыз түшүнүк кат жазгандан киийин коё берилгенин билдиришти. Милициядан ал маалыматтарды каттоо журналына киргизилген фактынын негизинде кармалганын такташты.

«М.Т. аттуу жаран ИИБге Биринчи май РИИБдеги маалыматтарды каттоо журналына катталган фактынын негизинде кармалып, андан түшүнүк кат алынып, коё берилди», — деп билдиришти РИИБден.

Уюм тынчтык митингин 1-майда саат 14:00дө, Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги революциянын каармандары скверинде өткөрүүнү пландап жатат.

Активисттер пикетти 3-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту калаанын борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюуну узарткнына карабай өткөргөнү турушат. Ошол эле учурда митинг өткөрүүгө чектөө мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга жайылтылбайт.