Сот Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюуну 1-июлга чейин узартты

Бишкектин Биринчи май райондук соту шаардын борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө салынган тыюуну 2023-жылдын 1-июлуна чейин узартты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Бишкек мэриянын Биринчи май райондук акимиатынын 31-марттагы тынч чогулуштарды өткөрүү жайларын чектөө тууралуу чечимин мыйзамдуу деп табуу боюнча арызы канааттандырылганы белгиленет.

Митингдерди төмөнкү жайларда өткөрүүгө тыюу салынат:

  • Ала-Тоо аянты;
  • Эркиндик бульвары — Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имаратынын алды;
  • Панфилов паркы;
  • Т. Турсунбаева атындагы сквер;
  • Жогорку соттун алды;
  • Орусия элчилигинин алды;
  • УКМКнын имаратынын алды.

Бул чектөөлөрдүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды өткөрүүгө тиешеси жок. Башка митинг же акциялар Максим Горький атындагы паркта өтүүгө тийиш.

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу 2022-жылдын мартында киргизилген. Мындай чечимди калаанын Биринчи май РИИБи чыгарган, сот анын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Чектөөлөр Орусия элчилигинин алдында бир нече акция — Орусиянын Украинадагы согушуна каршы жана Украинаны колдоо боюнча акциялар өткөндөн кийин киргизилген.

Митингдерге тыюу салынганына байланыштуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирүү жасап, соттун чечимин жөнсүз деп атаган.

Ал бул чечим Конституцияга жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин белгилеген. Анын пикиринде, мындай чечимдер өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун алдында дискредитациялайт.