Түркия: Президенттин администрациясы Эрдогандын ден соолугуна байланыштуу маалыматты төгүндөдү

Режеп Тайип Эрдоган

Түрк президентинин администрациясы Режеп Тайип Эрдогандын ден соолугу начарлап кеткени тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу 27-апрелде админстрациянын Коммуникация бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун билдирди.

Маалыматка ылайык, Эрдоган 26-апрелде президенттик шайлоого карата журналисттерге маек куруп жатканда өзүн жаман сезип, түз эфир учурунда 20 мүнөттүк тыныгуу берилген.

Эфир кайрадан башталганда Түркиянын ажосу «ашказаны ооруп калганын» жана шайлоо алдындагы иш-чаралардан чарчап калганын белгилеген.

Ага дейре бир катар басылмалар Эрдогандын «жүрөгү кармап, оорукагана жаткырылганын» маалымдашкан. Бирок Алтун андай маалыматтын баарын төгүндөдү.

«Урматтуу президентибиздин ден соолугуна байланыштуу мындай негизсиз дооматтарды кескин түрдө четке кагабыз», — деди ал.

Ошондой эле Түркияда өтө турчу президенттик шайлоого чейинки бир нече иш-чарага Эрдогандын ордуна вице-президент Фуат Октай катышары кошумчаланды.

Түркияда 14-майда президенттик жана 28-жолу парламенттик шайлоо өтөт. Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоодо төрт талапкер ат салышат. Алар — Кемал Кылычдароглу, Мухаррем Инже, Режеп Тайип Эрдоган жана Синан Оган.