Жакында Асман шаары курула баштайт: Президент Ысык-Көлдөгү курулуш долбоорлору менен таанышты

29-апрелде президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык курулуштардын жүрүшүнөн кабар алды.

Өлкө башчысы Асман шаарынын курулуш долбоору менен таанышты. Анда жакын арада шаардын курулушуна капсула салынары белгиленди. Ошондой эле эко-шаарда алдынкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары кошумчаланды.

«Асман — келечектеги экологиялык таза шаар» деп аталган пилоттук долбоор тууралуу 2021-жылдын июлунда эле айтыла баштаган. Шаар Ысык-Көлдүн жээгинде, аэропорко жакын жерге курулат.

Долбоордун авторлорунун айтымында, шаар 500 миң туруктуу жашоочуга ыйлайыкталат, 7-10-жылда курулуп бүтөт. Экономика министрлиги шаардын курулушун 20 млрд долларга баалаган.

Ошондой эле Жапаров саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турчу жаңы аэровокзал комплексин куруу боюнча чаралар көрүлүп жаткан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна да барды.

«“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун модернизациясы аяктаса, аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртат жана өлкөнүн облустарын бириктирген ички авиакаттамдарды калыбына келтирет. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн туристтердин агымын тартууга жана көбөйтүүгө мүмкүндүк берет», — деп белгилешти президенттин басма сөз кызматынан.

Аны менен катар, өлкө башчысы «Тамчы» эркин экономикалык аймагы түзүлө турган жерди барып көрдү. Бул аймакта келечекте өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объекттер жайгаштырылары, бул чет элдик коноктордун көп агымын кабыл алууга мүмкүндүк берери белгиленди.

Президент спорттук туризм комплексинин курулушу менен да таанышты. Комплекс Ысык-Көлдүн жээгинде кызыктуу жана сапаттуу эс алууга шарт түзөрү айтылат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Долбоор утопия, экологияга коркунучтуу. Активисттер Асман шаарын курууга каршы