Видео: Ак-Ордодогу үйү сүрдүрүлгөн Марал Шаболотовага жаңы там салынып берилди

Ак-Ордо конушунда соттун чечими менен үйү сүрдүрүлгөн Марал Шаболотовага жаңы там салынып берилди. Бул тууралуу 30-мартта президенттин жардамчысы Эрнис Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, үйдү «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 45 күндө куруп берди.

«“Ас-сафа” фонду аталган айымдын үйүн бардык зарыл болгон шарттары менен куруп беришти. Эми Марал Шаболотова бейкапар жашай берсе болот. Биз мамлекет башчысынын демилгесин колдоого алып, үй салып берген "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.

Шаболотованын үйү кошунасы жазган арыздын негизинде 1-март күнү кечинде бузулуп, төрт баласы менен «көчөдө калган».

Ал 2018-жылдан бери жер тилкеси үчүн кошунасы менен соттошуп келгенин, бирок 2022-жылдын октябрында Жогорку сот кошунасынын тарабын жактап, үйдү сүрдүрүп салууну чечкенин айтып берген.

Шаболотова ал үйдөн башка барар жери жок экенин белгилеп, кыргызстандыктардан жардам сураган. Кайдыгер карабаган тургундар ага убактылуу баш калкалоо үчүн боз үй тигип беришкен.

Андан соң, 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна башкы прокурор Курманкул Зулушев менен бирге барып, жагдайды териштирип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну убада кылган. Кийинчерээк өлкө башчысы Шаболотовага үйдү «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду куруп берип жатканын айткан.

6-мартта Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурис Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди ээлеген кызматтарынан бошоткон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ак-Ордо: Кошунасы жазган арыздын негизинде үйү буздурулган аял төрт баласы менен көчөдө калды