Видео: Мурдагы аткаминер коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алган Матраимовдун колун өптү

Соцтүйүндөрдө Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы башчысы Кылычбек Саркарбаев коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млрд сом төлөп берген бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колун өөп жаткан видео тарады.

Видеонун кадрынан ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов, Райымбек Матраимов, Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов жана Кылычбек Саркарбаев чогулуп сүйлөшүп турушканын, ал ортодо Сайпидинов Саркарбаевге «өпкүң келсе, өөп ал» деп кайрылып, Саркарбаев Матраимовдун колун өөп, экөө кучакташышканын көрүүгө болот.

Кылыч Саркарбаев деген ким?

Саркарбаев — спорт жаатында белгилүү Оштогу көптөгөн чиновниктердин бири. Ал спорттун мушташу түрүнүн бир нече жолку чемпиону жана башка эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.Мурда ал Кылыч Асылбекович Сулайманов деп белгилүү болчу. Ал «жасалма документтер» менен Ош мэриясына караштуу дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы болуп ишке орношкон.

УКМК Саркарбаев уюшкан кылмыштуу топтун ана башчысы, «Женго» деген каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов менен «тыгыз байланышта турарын» жана көптөгөн криминалдык чатактарга аралашкан деп билдирген.

Кийин Кылычбек Саркарбаев кармалып, Ош мэриясынын спорт комитетинин башчысы кызматынан алынган.

Коомчулукта Саркарбаев экс-бажычы Райымбек Матраимовдун жакын адамдарынын бири экени да айтылат — журналисттик иликтөөлөрдө Саркарбаевге Матраимовго тиешелүү болгон эки компания катталганы ачыкталган.

Ошондой эле ал 2019-жылдын 22-сентябрында Ош ОИИБи Саркарбаев спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдаган. Окуя Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Аталган факт «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Рахманберди уулунун айтымында, Саркарбаев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн ошондогу башчысы Мунарбек Сайпидинов менен бирге аны «арыз жазба» деп коркутканын билдирген.