Орунбеков туристтик сезондун алдында «терс жаңылыктарды» жазбоого жана таратпоого чакырды

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды туристтик сезондун алдында «негативдүү жаңылыктарды» жазбоого жана таратпоого чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбук барагында жазды.

Анын пикиринде, Таластын мал базарындагы жапайычылык жазалоо же Нарында мас кишинин 7 жашар кызды зордуктап өлтүрүшү сыяктуу окуялар «туристтерди чочутат», аны уккан соң бул региондорго эч кимдин баргысы келбей калат.

«Алдыңкы айларда туристтик сезон башталат. Андыктан негативдүү маалыматтарды, туристтерди чочулаткан жаңылыктарды көп таратпай турсак. [...] Жаманды жашырып, жакшыны ашыралычы. Мүмкүн болсо жагымдуу маалыматтарды чет тилдерде жарыялап, туристтерди кызыктырсак пайдалуу болот эле. Ал эми кырсык, кылмыштарды зарылчылык болуп баратса, кыргыз тилинде, майда шрифтер менен, жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазсак. Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт», — деп жазды Орунбеков.

Туризмге терс таасир этип жатат делген «жаман жаңылыктарды» жазбоо идеясын буга чейин минкабдын башчысы Акылбек Жапаров да сунуштаган. Өткөн жылдын июль айында ал эки милиционер тарабынан зордукталып жүргөн өспүрүм кыздын окуясын мисал келтирген. Жапаровдун айтымында, бул тууралуу ЖМК жазгандан кийин туристтер «Кыргызстанга келбей турганын айтышкан».

Тема боюнча окуңуз:

Кыргызстандагы суук кабарларды туристтерден жашыруу эмнеге туура эмес?