Министрлер кабинети өлкөдөн чыгууда карыздын суммасына чектөө киргизүүнү сунуштап жатат

Министрлер кабинети Кыргызстандан чыгуу үчүн карыздын босоголук суммасын киргизүү идеясын колдойт. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттердеги барагында билдирди

Анын пикиринде, сот бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосунда карама-каршылыктар болгондун миңдеген жаран кыйынчылыкка туш болууда. 

«Сот аткаруучулары өздөрүн укук коргоочу эмей эле сот органы сезип ылышыптыр. Минкабдын расмий позициясы, чектөө 50 миңден өйдө же 100 миң сом болушу керек», — деп жазды Байсалов. 

Бул жообу менен минкабдын төрагасынын орун басары депутат Дастан Бекешев эгер жарандын 10 миң сом өлчөмүндө карызы бар болсо, өлкөдөн чыгууга тыюу салынышы керек деген сунушу тууралуу жаңылыкка комментарий берди. 

Буга чейин Бекешев жарандарды 500 сомго жетпеген карызы үчүн да өлкөдөн чыгарбай коюшу мүмкүн деп наарызы болгон.