«Бүтүрбөсөңөр башкача сүйлөшөбүз». Министр Ысык-Көлдө жол салып жаткан жалданмачыга эскертүү берди

Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев Ысык-Көлдө Балыкчы– Тамчы — Чолпон -Ата — Корумду жолун салып жаткан жалданмачыга жолдун бир тарабын 1-июнга чейин бүтүрүү тапшырмасын берди. Бул боюнча видеону Текебаев өзүнүн Фейсбуктагы барагында жарыялады.

Министр Фейсбук барагына курулуш иштери жүрүп жаткан жерлерди кыдырып, ал жердеги жумушчулар жана жалданмачы ишкананын башчысы менен сүйлөшкөнү тартылган видеосун бөлүшкөн. Анда Текебаев жалданмачыга эскертүү берген.

«Силерге срок, 1-июнга чейин [бүтүрүү]. Бүтүргүлө. Эгер 1-июнга чейин бүтүрбөсөңөр башкача сүйлөшөбүз», — деп кайрылды ал жалданмачыга.

Ошондой эле министр жумушчулардан маяналары кечиктирилбей эле төлөнүп атабы жана курулушта кандайдыр бир маселелер жаралып атабы-жокпу сураганын билдирди.

Министрдин айтымында, учурда жеринде 103 техника жана 175 адам иштеп жатат.

2022-жылдын октябрында жолдун курулушу башталгандан бери өлкө бюджетинен консультациялык кызматтар менен автордук көзөмөл акысын төлөөнү эске алуу менен 5 млрд сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөнү кабарланган.
Жолду 2015-жылы конкурстан жеңген Кытайдын «Лонг Хай» корпорациясы салып жатат.