«Медиахаб»: Казино үчүн биринчи лицензияны алган компаниянын артында Арзыбек Бурканов турабы?

Кыргызстанда казинону ачуу үчүн 84 млн сом төгүп, биринчилерден болуп лицензия алган «Гранд Казино» компаниясынын президентке жакын адам Арзыбек Бурканов менен байланышы бар. Бул тууралуу «Медиахабдын» иликтөөчү журналисттери айтып чыгышты.

«Гранд Казино» кумаркана иштетүүгө лицензия сатып алганы тууралуу 2-майда белгилүү болгон.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Гранд Казинонун» жетекчиси жана негиздөөсүчү Адилет Абдыманапов деген жаран. «Медиахабдын» маалыматына ылайык, Абдыманапов жашы 30га чыга элек жигит.

Журналисттер компаниянын Юстиция министрлигинде көрсөтүлгөн номери аркылуу байланышка чыгышкан. Алардын маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн номер Буркановдун тууганына — Канышай Буркановага таандык.

Бирок ал аял журналист менен сүйлөшкөндө Арзыбек Буркановдун тууганы эместигин, мурда ошол телефон номери көрсөтүлүп калган компаниянын бухгалтериясында иштегенин, ошондуктан номери Юстиция министрлигинде көрсөтүлүп калганын айткан. Ошондой эле ал учурда «Гранд Казиного» эч кандай тиешеси жоктугун кошумчалаган.

Абдыманаповдун «Ала Тоо Көмүр АТ» ЖЧКдагы өнөктөштөрүнүн бири болгон Арстанбек Айдаров «Гранд Казинонун» артында индиялык инвесторлор турарын билдирген. Анын айтымында, алар Абдыманаповдон Кыргызстанда фирма ачуу үчүн кепил болуп берүүнү суранышкан.

Бурканов деген ким?

Арзыбек Бурканов — Бакиевдин «Ак Жол» партиясынан шайланган Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты. 2011-2012-жылдары Бурканов Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болгон. 2015-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынын курамына кирген. Бурканов Садыр Жапаровдун жакын досу болуп саналат.

Мындан тышкары, бир катар саясий ишмерлер Арзыбек Буркановду Жапаровдун «кеңешчиси» же «жардамчысы» деп аташкан, бирок расмий анын кеңешчилеринин арасында Бурканов жок. Бурканов 2021-жылы айырм бир убакыт премьер-министр Улукбек Мариповдун кеңешчиси болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 2021-жылдын апрель айында Бурканов өлкөдө абдан чоң таасирге ээ экенин айткан.
Ошондой эле Бурканов 2013-жылы кыймылсыз мүлккө байланыштуу болгон Камчы Көлбаевдин ишинде күбө болгон. Бул иште кыйыр түрдө Садыр Жапаровдун дагы аты аталган.

Өткөн жылдын июль айында, Temirov Live’дын журналисттеринин маалыматына ылайык, Бурканов менен байланышы бар «Евразия-Строй Сервис» Баткенде КММАнын окуу-дарылоо комплексин курууга жарыяланган тендерди утуп алган. Тендер 82 млн сомго жарыяланган. Жаңы имаратка 28-июнда Баткен облусуна болгон иш сапарында президент өзү капсула салган.