Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун башчысы ТИЗОго киргизилди

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун төрагасы Темирбек Эркинов УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди. Мындай чечимди 4-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, Эркинов 3-июлга чейин камакта болот. Соттон ага кандай айып коюлуп жатканын такташкан жок, бирок ЖМКлар Эркинов коррупция иши боюнча фигурант экенин жазып жатышат.

Темирбек Эркинов Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун жетекчиси кызматына 2021-жылдын сентябрында келген. Фонддун иши ошол эле жылдын ноябрь айында башталган. Уюмдун негизге максаты Кыргызстандын экономика тармагындагы приоритеттүү долбоорлорун каржылоо болгон. Фонддун уставдык капиталы 50 млн долларды түзөт.

Андан тышкары, Эркинов минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп эсептелет.