Лейлек: Аскер прокуратурасы тургундар менен аскер кызматкерлеринин мушташын иликтейт

Аскер прокуратурасы Баткен облусунун Лейлек районунда жергиликтүү тургундар менен аскер кызматкерлеринин ортосунда чыккан мушташты иликтейт. Бул тууралуу «Азаттык» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына таянып жазды.

ЖМКнын маалыматына ылайык, мушташка катышкандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Лейлек районунун Мурас айылындагы массалык мушташ 7-майга караган түнү болгон. ЖМКнын маалыматына ылайык, мушташка аскер кызматкерлери менен тургундарды кошуп 100гө жакын адам катышкан. Жеринен тартылды делген видеодон бир топ адам, алардын арасында аскер формасын кийип жүргөн кишилердин топтолуп турганын көрүүгө болот.

Мушташка жакында эле которулуп келген офицер менен аталган айылда туулган жоокердин ортосундагы чыр себеп болгону айтылган. Натыйжада жоокердин айылдаштары ага болушуп, ал эми айрым аскерлер офицерге жан тартып, андан улам массалык мушташ чыккан.

Буга чейин Башкы пракуратура аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдирген.