Лейлек: Тургундар менен аскер кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыкканы айтылууда

Баткендин Лейлек районуна караштуу Мурас айылында жергиликтүү тургундар менен аскер кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыкканы айтылууда. Бул тууралуу 24.kg басылмасы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, калайман мушташ 7-майга караган түнү болуп, ага 100гө чукул адам катышкан. Азырынча мушташтын келип чыгуу себеби белгисиз.

Жеринен тартылды делген видеодон бир топ адам, алардын арасында аскер формасын кийип жүргөн кишилердин топтолуп турганын көрүүгө болот. Бирок тасмадан алардын эмне кылып жатканын түшүнүү мүмкүн эмес.

Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана укук коргоо органдарына байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Башкы прокуратурадан бул боюнча мааламат такталып жатканын белгилешти.