Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланды

Өзбекстантын президенти Шавхат Мирзиёев өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялады. Бул тууралуу 8-майда анын басма сөз катчысы Шерзод Асадов Фейсбуктагы барагында билдирди

Мирзиёев калган 3,5 жылдык президенттик мөөнөтүнөн эмне үчүн баш тартып жатканын түшүндүрдү. 

«Негизги мыйзамыбыз боюнча, биринчи кезекте бийликтин баардык бутагы реформаланат, алардын ортосундагы катыштык жана тең салмак олуттуу өзгөрөт. Экинчиден, жаңыртылган Конституция президенттин, парламенттин, өкмөттүн, министрлердин жана губернаторлордун алдында жаңы милдеттерди коюп жатат, аларды чечүүнү созбош керек. Үчүнчүдөн, эл бизден бардык тармак боюнча маанилүү жана кечиктирилгис өзгөрүүлөрдү күтүп жатат», — деп Асадов президенттин сөзүн келтирди. 

Мирзиёевдин айтымында, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялоого дүйнөдө жана чөлкөмдө түзүлгөн жагдайлар, курч жана катаал процесстер акыркы себеп болгон.  

Мирзиёев өзбек элине да кайрылды. 

«Бекеринен биздин Негизги мыйзамда мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы эл деп айтылган эмес. Ушул көз караштан алганда, биздин элдин жаңыланган мамлекеттик бийлигиндеги системада мандатты эл ишенген лидерге гана берүү максатка ылайык болуп турат. Бүгүнкү шарттарда бул эң туура жана калыс чечим болот деп ойлойм», — деди президент.  

Буга чейин Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Hook.report’тин маалыматына ылайык, референдумга келген алдын ала 84,5% шайлоочунун 90,2 %ы Конституцияны өзгөртүү үчүн добуш берген, ал эми 9,3%ы — каршы болгон. Өзбекстандын жаңыртылган Конситуциясы Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөттөрүн жокко чыгарып, 2040-жылга чейин бийликте калууга мүмкүндүк берет.