Кыргызстандык Жалалдин Абдувалиев паратриатлон боюнча экинчи жолу дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Жалалдин Абдувалиев Испаниянын Ибица шаарында өткөн паратриатлон боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

Көзү азиз спортчу PTVI категориясында күч сынашып, аны спортсмен-лидер Артём Шапилов коштогон. Атлет 3 километр сууда сүзүп, 116 киломер аралыкты велосипедде жүрүп, 29,8 километрди чуркап өткөн. Абдувалиев аталган аралыкты 7 саат 41 мүнөт 40 секундда багындырган.

«Достор, мен азыр кандай бактылуу экенимди сөз менен айтып жеткире албайм. Мен көзү азиз спортчумун, бүгүн паратриатлон боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болдум. Дүйнө чемпиондугунда өлкөбүздүн атынан чыгып, жеңишке жеткениме абдан кубанычтамын жана сыймыктанам!», — деп жазды спортчу фейсбуктагы барагына.

Аны менен катар ал жеңишин үй-бүлөсүнө арнарын айтып, чемпион болуусуна салымы бар бардык адамдарга ыраазычылыгын билдирген.

«Менин жеңишим — эгер сен өзүңө ишенсең жана максатка жетүүгө умтулсаң, баары мүмкүн экендигинин далили. Мен көзү азиздер спортто да, жашоодо да чоң ийгиликтерге жетише аларын көрсөткүм келет. Менин тарыхым — алардын тарыхы», — деп белгиледи Абдувалиев.

Абдувалиев ким?

Жалалдин Абдувалиев — паратриатлет, триатлон боюнча эл аралык класстагы спорт чебери жана көзү азиздердин насаатчысы. Кыргызстандан чыккан алгачкы паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону. Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси. 

Абдувалиев тубаса катаракта дарты менен төрөлгөн. Бала чагында бир көзү эле көрчү. Ал эми 16 жашка толгондо эки көзү тең көрбөй калган. Анын айтымында, официант болуп иштеп жүргөн кезинде кафеге келген конок сабап кеткен.

«Ал мени жерге кулатып, дал ошол көргөн көзүмө тепкилеген. Ошондон кийин толугу менен караңгылык каптаган», — деп айтып берген ал.

Абдувалиевтин айтымында, кыргызстандык параспортчуларда даремет бар, бирок бийлик тиешелүү деңгээлде көңүл бурбайт. Жалалдин президент менен жолугуп, параспортту өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулагысы келерин айткан.

«Медаль уткан балбандарды, олимпиадачыларды татыктуу тосуп алышат. Мамлекет аларды колдойт, ал эми паралимпиадачыларга жакшылык каалоодон башка арга жок. Өкмөт бизди угат деп ойлойм. Келечекте бизге да мамлекет тарабынан ушундай колдоо, чоң мүмкүнчүлүктөр болот деп үмүттөнөм», — деген спортчу.