«Кыял» мамлекеттик ишканасындагы коррупция боюнча алты киши кармалды

Президенттик аппаратка караштуу «Кыял элдик кол өнөрчүлүктүн улуттук бирикмеси» ишканада өндүрүштүк жайларды мыйзамсыз ижарага берүү жана сатуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу 10-майда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын жооптуу кызматкерлери баюу максатында базардагы ишкер жана соодагерлерден көптөн бери мыйзамсыз акча алып жүргөнү белгилүү болду.

«Тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз ижарага берүү үчүн акча чогултуу боюнча далилдер табылды. “Кыялдагы” коммерциялык-өндүрүштүк жайларды 12 миң АКШ долларга расмий каттоосуз, мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Аны менен катар, ишканадагы соода жайларында өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары аныкталды. УКМКдан бул нерсе материалдык эле эмес, калк арасында курмандыктарга алып келиши мүмкүн деп белгилешти.

«Кыялдагы» мыйзам бузууларга тиешеси бар делип ишкананын мурагы директору, базардагы үч көзөмөлдөөчү жана дагы эки киши кармалды. Бул боюнча мамлекеттик органдар тарабынан комиссия түзүлүп, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.

Буга чейин, апрелдин ортосунда Салык кызматында коррупциялык схема аныкталып, 10 салык инспектору жана жеке ишкананын жетекчилери кармалган. Кийин шектүүлөр мамлекетке келтирген 100 миллион сом зыяндын ордун толтурушкан.

Автору: Бурулсун Жумалиева