Бакыт Туйчиев жана Нурбек Абдумалик уулу. Сүрөт: «БеспределKG» телеграм-каналы

10-майда «БеспределKG» телеграм-каналы Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Савай айылдык кеңешинин төрагасы Нурбек Абдумалик уулу жергиликтүү тургунду сабап, бычактап салганын жазып чыкты. Ал эми 11-майда Ош ОИИБден «Клоопко» Абдумалик уулу дагы жаракат алып, ооруканада жатканын билдиришти.

Эмне болду?

Үстүбүздөгү жылы 10-майда «БеспределKG» телеграм-каналы Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешинин төрагасы Нурбек Абдумалик уулу Стал аттуу досу менен чогуу Бакыт Туйчиев аттуу жергиликтүү тургунду сабап салганын жазган.

«Туйчиевге кол салышып, колу-бутун чаап сындырып, бычактап таштап кетип калышкан. Ал азыркы учурда ооруканада оор абалда жатат. Депуттатарга мыйзам жокпу? Учурда Нурбек Абдумалик уулу Туйчиевдин үстүнөн арыз жазып, кур доомат кылып ооруканага жатып алган», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле аталган каналда жабырланганы айтылган Туйчиевге таандык делген сүрөттөр жана рентгендин сүрөттөрү чыгарылган.

Милициянын жообу

11-майда Ош облустук ички иштер башкармалыгы аталган окуя боюнча «Клоопко» комментарий берди.

Милициядан «Клоопко» окуяга катыштыгы бар тараптардын толук аты-жөнүн ачыктоодон баш тартышты, бирок маалыматта көрсөтүлгөн инициалдар тараптардыкына туура келет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 6-май таңкы саат 5:43 чамасында Кара-Суу РИИБине денесинен жараат алып, ооруканага түшкөн жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факт милициянын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүүдө ооруканага кайрылган жаран Кара-Суу районунун тургуну Бакыт Туйчиев экени аныкталып, ал 5-майдан 6-майга караган түнү саат 04:30 чамасында Кара-Суу шаарында айылдаштары Нурбек Абдумалик уулу жана Стал аттуу жарандар менен жолугушканы маалым болгон.

Ошол учурда пикир келишпестиктен улам Туйчиев Абдумалик уулун бычак менен денесине сайып жиберген.

«Жыйынтыгында жабырлануучу Бакыт Туйчиев жана Нурбек Абдумалик уулу денелеринен алган жарааттарынан улам ооруканага кайрылышкан. Алардын жарааттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Учурда аталган факт боюнча эки тарап тең арыз менен кайрылып, «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда окуяга башка жарандардын катыштыгы бар же жок экени такталууда. Тергөө иштери уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокат: Мурдагы айыл өкмөт башчысы 10 жашар баланы пневматикалык курал менен атып алды

Чүй: Айылдык кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды

Аламүдүндө жергиликтүү кеңештин депутаты аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

УКМК: Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топко тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды