Чүй: Айылдык кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды

Шектүү. Сүрөт: ИИМ

Чүй облусунун Достук айылдык кеңешинин депутаты жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу 8-майда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү буга чейин айыл тургундарынан суу түтүктөрүн орнотуу үчүн 3 миң 500 сомдон акча чогултуп, бирок бүгүнкү күндө алар түтүктөр жараксыз абалга кептелгенине нааразы болушууда.

«Кийинчерээк [эл өкүлү] көндүрүү, коркутуу жолу менен дагы акча чогултууну сунуштаган. Бирок жарандар аткарылган иштерге — түтүктөр сапатсыз болуп, жарабай калганына абдан нааразы болушкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Түтүктөрдү орнотуу менен таза суу чыгарууга жеке компания жооптуу болгон. Андан сырткары, аталган иш фонддун дагы демөөрчүлүгү астында ишке ашырылган.

Аталган факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициядан аталган жаран буга чейин дагы бир кылмыш жоопкерчилигине тартылып, андан сырткары учурда башка кылмыш иши боюнча айып тагылып жатканын кошумчалашты.

Учурда Аламүдүн РИИБи тарабынан тергөө иштери жүргузүлүп, келтирилген чыгымдын өлчөмү такталууда.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы март айында, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев «Яндекс.Таксинин» кызматкерин коркутууга шектелип кармалган.

Чокеев Токмок шаардык кеңешинин депутаты Зафар Абраимов менен бирге кызматкерлердин бирин жулкулдатып сүйрөп чыгышып, аны денесине «залал келтиребиз, кеңсени өрттөп кетебиз» деп коркутушкан.

Эл өкүлү 9-март күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тинтүү учурунда жанынан ок-дары табылганы белгилүү болгон.

Автору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Аламүдүндө жергиликтүү кеңештин депутаты аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

«Яндекс.Таксинин» кызматкерин коркутуу: Токмок шаардык кеңешинин депутаты кармалды

УКМК: Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топко тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды