Аламүдүндө жергиликтүү кеңештин депутаты аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

Аламүдүн районунда жергиликтүү кеңештин депутаты аймактар аралык кастыкты козулууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү арыз менен укук коргоо органдарына жарандар кайрылып, Ленинское айылынын жергиликтүү кеңешинин депутатына чара көрүүнү суранышкан.

«Алардын айтымында, депутат 2022-жылдын 7-июнунда Ленинское айылынын тургундарын чогултуп алып, эл көзүнчө тургундарды аймактарга бөлө баштаган. Ал башка облустардан келип отурукташып жашап калган тургундар өз эрежелерин орнотуп жатышат, андайларга Чүй облусунун Аламүдүн районунда орун жок деп ачык айткан», — деп билдиришти милициядан.

Милиция «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Депутат убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат.