Тергөөчү журналисттин телефонун тартып алып кол салган кошунасына кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Тергөөчү кошунасы, милициянын мурдагы кызматкеринин кол салуусу менен карактоосуна кабылган журналист Александра Линин арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу «Клоопко» Ли өзү билдирди.

«Биз карактоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону суранган элек, анткени кошунабыз күйөөсү менен менин эки телефонумду тартып алып, 5 сааттай бербей коюшкан, андагы маалымат, дадилдерди, окуянын видеолорун жок кылышып, өчүрүшкөн. Биз жада калса менин телефонум анын колунда экенин, аларды колдон кантип жулуп алышканы тартылган видеону тиркеп бергенбиз, бирок тергөөчү кылмыштын курамы жок деп [кылмыш ишин козгоодон] баш тартып койду», — деди ал.

Видеодон кошуна аял анын телефонун колунан тартып алып, күйөөсүнө берип, журналистке кол салып жатканын көрүүгө болот.

Ли тергөөчү материалдардын көчүрмөсүн коомдук коопсуздук кызматынын кароосуна жөнөткөнүн билдирди. Тагыраагы, аталган окуя «Майда бейбаштык» беренеси боюнча адиминистративдик укук бузуу катары катталышы мүмкүн. Ал боюнча жаза 5 500 сомду түзөт же болбосо 30дан 40 саатка чейин коомдук жумушка тартуу же үч суткадан беш суткага чейин камакка алуу каралган.

«Тергөөчү ишке видео тиркелгенге чейин эле бул иш административдик иш болот деп айткан. Кылмыш ишин козгогусу келбей жатканын айткан», — деди журналист.

Журналисттин кошуналары менен чырдашуусу февраль айында эле башталган — кошунасы Лини жана анын күйөөсүн «машинаңар менен менин машинамды чийип кеттиңер» деп айыптаган. Ал киши журналистти улутуна карап коркутуп, кемсинткен. Журналист күйөөсү менен жеке коопсуздугун ойлоп жашап жаткан жердеги жеке менчик үйүнөн көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.

Журналисттин маалыматына ылайык, кошунасы мурда милицияда иштеген, азыр болсо Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам көрсөтүү кызматынын адвокатурасында иштейт.