Амангелдиев: Санкциялык товарларды Орусияга реэкспорт кылууда Кыргызстандын салымы аз

Экономика министри Данияр Амангелдиев санкциялык товаларды Орусияга реэкспорт кылууда Кыргызстандын салымы минималдуу экенин билдирди. Бул тууралуу ал Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык туристтик жарманкесинде журналисттерге айтты.

«Эл аралык рейтингдик агенттиктер бар, алар санкциядагы товарлардын (Орусияга — ред.) реэкспортуна тиешеси бар айрым өлкөлөрдүн [талдоосун] жүргүзүшкөн. Биз өз сайтыбызга жарыялоого даяр турган бул изилдөөдө Кыргызстандын реэкспортко салымы минималдуу экенин айтып турат», — деп белгиледи Амангелдиев.

Ошондой эле ал ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан жана АКШнын Каржы министрлигинин өкүлдөрү Бишкекке келгенде кыргыз тарап кош максатта колдонулуучу товарлар Кыргызстанда Эксперттик көзөмөл тууралуу өзүнчө мыйзам менен жөнгө салынарын, ал боюнча товарды өзгөчө көзөмөлгө алуу каралганын билдиришкенин айтып берди.

«Алар бизге бул тизмени кеңетишиңер керек деген сунуштарын айтышкан. Биз бул маселени кароого даярбыз деген элек», — деп билдирди ал.

Амангелдиев Кыргызстан ЕБ менен АКШнын өкүлдөрүнө маалыматтар менен бөлүшүшүп турууга даярдыгын билдиргенин дагы кошумчалады.

«Биздин соода агымыбызда тыюу салынган товарлардын экспортун же реэкспортун көрсөтүп турган санкциялык товарлар жок», — деп билгиледи министр.

Орус армиясынын Украинага ири масштабда кол салуусу 2022-жылдын 24-февралында башталган, Орусия ал жакта тутанткан согуш бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Аскердик кол салууну батыш өлкөлөрү айыптап, Орусияга карата мурда болуп көрбөгөндөй сандагы санкцияларды киргизишген. Мындан тышкары, батыш өлкөлөрү Орусияга жардам берген өлкөлөргө дагы санкциялар колдонуларын бир нече ирет айтып эскертишкен. Бул тизмеге биринчи болуп Лукашенко башында турган Беларус мамлекети кирген. Лукашенко Путинди бөркүндөй колдоп, ал тургай Украинага кол салуу үчүн өлкө аймагынан жол ачып берген.