Түркиядагы президенттик шайлоо: Экинчи айлампа өткөрүлүшү ыктымал

Сүрөт: BBC түрк кызматы

14-майда Түркияда президенттик шайлоо өткөрүлүп, «Анадолу» маалымат агенттиги жарыялаган алдын ала жыйынтык боюнча талапкерлердин бири да добуштардын 50%дык босогосунан өтө элек.

Маалыматка ылайык, 15-майга карата өлкө боюнча добуштардын жалпы 99,20%ы саналып бүттү. Президенттик жарышта Түркиянын азыркы өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган 49,30% добуш менен алдыда келе жатат.

Экинчи орунда 44,97% добуш менен алты партиядан турган оппозициялык «Улуттук альянстын» талапкери Кемал Кылычдароглу турат.

BBC түрк кызматы президенттикке ат салышып жаткан эки талапкер тең шайлоонун экинчи айлампасына даяр экенин жазды. Биринчи айлампадагы шайлоонун акыркы жыйынтыгы 19-майда Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши тарабынан жарыяланат.

Ал аралыкта президенттикке талапкер оппозициячыл Кылычдароглу жана анын тарапташтары 15-майда шайлоонун жыйынтыгын эсептөөдө бут тосуулар болуп жатканын айтып чыгышты. Саясатчы мындай кадамдарды «манипуляция» деп баалап, Жогорку шайлоо кеңешин «жоопкерчиликтүү болууга» чакырды.

«Биз көп добуш алган урналарга кайра-кайра арыздануу менен каршылык билдирип, системага бөгөт коюп жатышат. Мисалы, Анкарада 300 урна, Стамбулда 783 урнада зордоп эле нааразычылык билдиришүүдө. Бир урнага алты, он бир жолу арызданылган учурлар катталды. [...] Биз муну жөн эле бүтүрүп салууга жол бербейбиз», — деди Кылычдароглу.

Ал эми Түркиянын учурдагы өлкө башчысы Эрдоган «шайлоонун тынчтыкта жана бейпилдикте демократиянын чоң майрамы катарында өтүшү — өлкөнүн демократиялык жетилгенинин көрүнүшү» деп баалады.

Түркияда он үчүнчү президенттик жана 28-жолку парламенттик шайлоо өттү. Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышты. Алар: учурдагы президент Режеп Тайип Эрдоган, оппозициячыл Кемал Кылычдароглу, Мухаррем Инже жана Синан Оган.

14-майдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгында бир дагы талапкер 50%дык добуштук көрсөткүчкө жете албаганына байланыштуу шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Ал алдын ала билдирүүгө ылайык, 28-майда болот.

Ал эми парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча бийликтеги «Адилет жана өнүгүү партиясы» (АК Parti) 35,49% добуш менен алдыда келе жатат. Андан кийинки орунда 25,38%дык көрсөткүч менен Жумурият элдик партиясы турса, үчүнчү орунда Улуттук кыймыл партиясы 10,06% добушка ээ болду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түркия: Президенттин администрациясы Эрдогандын ден соолугуна байланыштуу маалыматты төгүндөдү