Айыл чарба министрлиги Чүй дарыясында массалык түрдө өлгөн балыктар боюнча текшерүү жүргүзөт

Айыл чарба министрлиги Чүй дарыясындагы балыктардын массалык түрдө өлгөнүнө байланыштуу текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу министрликтен 17-майда билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районундагы ветеринардык башкармалыктын кызматкерлери балыктын жана суунун үлгүлөрүнүн алып, лабораторияга берди.

«Өлгөн балыктардын калдыктары төмөнкү Чүйдөн түшкөн агындылардан байкалган. Балыктардын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн бардык материалдар Республикалык ветеринардык лабораторияга өткөрүлүп берилди. Жыйынтыгы үч күндөн кийин белгилүү болот», — деп белгилешти министрликтен.

Айыл чарби министрлигинен балыктардын эмнеден өлүп жатканы так аныкталгыча тургундарды балык уулабай, этин пайдаланбай турууга чакырышты.

Буга чейин, Сокулук районунунун тургундары Чүй дарыясынан көп сандагы өлүк балыктарды табышкан. Алар буга сугат учурунда уулу заттарды колдонулушу себеп болууда деп божомолдошкон.

Автору: Айжамал Бексултанова