УКМК «Каракол» аэропортунун жетекчилигине кылмыш ишин козгоду

УКМК Ысык-Көл облусундагы «Каракол» аэропортунун жетекчилигине «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менин иш козгоду. Бул тууралуу 18-майда атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аэропорттун кызматкерлери «жеке кызыкчылыгын көздөп» атайын техниканы жана жабдууларды, андагы баалуу металлдарды мыйзамсыз сатып жибергени аныкталды.

Ошондой эле УКМКдан Караколдо жер астында алтынды аффинаждоочу лаборатория табылганын, кийин ал экспертизанын корутундусунда тастыкталганын белгилешти.

Бирок атайын кызматтан аэропорттун кайсыл жетекчилерине иш козголгону тууралуу маалымат беришкен жок. Ал эми «Каракол» аэропорту бул тууралуу комментарий бере элек.

Азыркы тапта Караколдогу жаңы аэропорт комплексинин курулушу жана шаардык аэродромду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Президент Садыр Жапаров жаңы аэропорт «июнда ишке берилет» деп билдирген.

«Каракол» аэропорту 1971-жылы негизделген. Бийликтин маалыматы боюнча, аэропорттун учуп-конуу тилкеси 1978-жылы ишке берилген, андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Жапаров «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна 2022-жылдын 7-майында капсула салган. Анда ал Каракол аэродромун реконструкциялоо туристтердин санын жайында эле эмес, кышында дагы көбөйтөт деп белгилеген.

Автору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Күндүн буюрсасы: Садыр Жапаров Караколдогу жаңы аэропорт июнда ачыларына ишенет