Күндүн буюрсасы: Садыр Жапаров Караколдогу жаңы аэропорт июнда ачыларына ишенет

9-январда президент Садыр Жапаров Караколдогу жаңы аэропорт комплексинин курулушу жана шаардык аэродромду реконструкциялоо иштери уланып жатканын билдирип, Фейсбукта аэропорттон тартылган видеону чыгарды.


«Кудай буюрса июнь айында ишке берилет. “Эл аралык” аэропорт болот», — деп үмүттөнөт президент.


Жапаров Каракол аэропорту пайдаланууга берилгенден кийин Нарын, Казарман, Кербен, Чаткал, Талас аэропорттору да оңдоодон өтөрүн кошумчалады. Президент бийлик «ички аба каттамдарды жандантат» деп убада кылды.

«Каракол» аэропорту 1971-жылы 1-январда, шаар Пржевальск деп аталып турган кезинде негизделген. Бийликтин маалыматы боюнча, аэропорттун учуп-конуу тилкеси 1978-жылы ишке берилген, андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Жапаров «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна 2022-жылдын 7-майында капсула салган. Анда ал Каракол аэродромун реконструкциялоо туристтердин санын жайында эле эмес, кышында дагы көбөйтөт деп белгилеген.