Жапаров менен Си Цзиньпин жолугушуунун жыйынтыгы менен эмнелерди макулдашышты?

Президент Садыр Жапаров 18-майда Сиань шаарында мамлекеттик сапарынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Садыр Жапаров жана Си Цзиньпин. Сүрөт: Президенттин администрациясы

Жапаров менен Си Цзиньпин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин, «“Кытай – Борбор Азия» саммитинин күн тартибин жана ар тармактардагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.   

Жапаров Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилейм. Эки мамлекет ортосунда эч кандай саясий пикир келишпестиктер, чечилбеген маселелер жок. Биз бири-бирибизге эң актуалдуу, абдан маанилүү маселелер боюнча колдоо көрсөтөбүз. Саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээли өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет», — деп билдирди Жапаров.

Мамлекет башчылары «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун дагы талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин документтерге кол коюшту. Сүрөт: Президенттин администрациясы.

Сапардын алкагында тараптар бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту

  • Маданият министрлиги менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Пресс-канцеляриясынын ортосундагы ЖМК жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги менен Кытайдын Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруу жана жайылтуу боюнча башкармалыгынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
  • УТРК менен Кытай медиа тобунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • «China Power International Development Limited» компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу;
  • Энергетика министрлиги менен «ТВЕА» компаниясынын ортосундагы Кыргызстандын Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашуу;
  • Ош шаарынын мэриясы менен «Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd.» компаниясынын ортосунда таштандыларды өрттөөчү завод куруу долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • «ТНК Шумкар» ААКсы менен «Xian Yuanchao» компаниясынын ортосунда Кыргызда SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу.
Кыргызстан жана Китайдын ортосунда документтерге кол коюу. Сүрөт: Президенттин администрациясы.

Жапаров Кытайдын башчысын Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө да чакырды.

Кытай: ЖМКнын ишин чектөө

ЖМК тармагындагы деген эмне документтер экени азырынча белгисиз, бирок Кытайда сөз эркиндиги жана адам укуктары жаатында чоң көйгөйлөр бар экени белгилүү.

Дүйнөдөгү «Пресса эркиндигинин индексине» ылайык, Кытай 180 өлкөнүнүн 179-орунда, ал эми Кыргызстан — 122-орунда турат.   

Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кытайда 2022-жылы репрессияларды катаалдаштыруунун белгиси менен өткөнүн билдирген. Укук коргоочулардын айтымында, «Си Цзиньпин байыртан келе жаткан салтты бузуп, Кытайдын коммунисттик партиясынын Борбордук комитенин башкы катчысы кызматында үчүнчү мөөнөтүн камсыздап, Мао Цзэдундун доорунан берки эң таасирди лидерге айланды».

«Кытайдагы адам укуктарынын бузулушу эл аралык деңгээлге чейин көңүл бурдурду. Сегиз мамлекет 2022-жылдагы Пекин кышкы олимпиадасы боюнча дипломатиялык бойкотко катышты. Июнда АКШда уйгурларды мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу жөнүндө мыйзам күчүнө кирген, ал Шиңжаңда мажбурлап иштетүү менен өндүрүлгөн товардын баарына презумция жана тыюу киргизет. Август айында БУУнун адам укуктары боюнча экс-жогорку комиссарынын баяндамасы жарыяланган, анда Шиңжаңдагы мыйзам бузуулар “адамзатка каршы кылмыштарга барабар болушу мүмкүн” деген тыянак чыгарылган», — деп билдиришкен укук коргоочулар. 

HRW өзүнүн ар жылдык отчётунда Кытайдын бийлигин 2019-жылы дүйнө жүзү боюнча адам укугунун жана сөз эркиндигинин эң башкы бузуучусу деп атаган. Ал ар башка өлкөлөрдү «жалпы келечекти коргоо» жана «Кытайдын эл аралык таанылган адам укуктары системасын бузуу аракеттерине каршы туруу» үчүн күч аракеттерди бириктирүүгө чакырган.

HRW’нын маалыматына ылайык, Кытайда «коомчулукту тыкыр көзөмөлдөөгө» багытталган «масштабдуу аңдуу системасы» түзүлгөн.

Уюмдун аткаруучу директору Кеннет Рот Пекин адамдардын жеке жашоосуна кийлигишүү жана көзөмөлдөө үчүн күчтүү технологияларды колдонорун билдирген: мажбурлап ДНК анализдерин чогултуу, Big Data анализи — жасалма интеллектин жардамы аркылуу адамдын бардык «санарип» издери жана анын соцтүйүндөрдөгү аракеттери, байкоо камераларынан алынган маалыматтар чогултулат.

«Бул аракеттердин максаты — башкача ой жүгүртүүдөн алыс болгон коом түзүү», — деди Рот. 

Соавтору: Аделя Жуманалиева.