Жашоо минимумуна жетпеген пенсия. Көбөйтүлөт деген убада кайда?

Конституцияга өзгөртүүлөрдү сүрөмөлөп жатышканда пенсиялардын минималдуу өлчөмүн жашоо минимумунан кем болбогудай, тагыраагы, кеминде 7000 сомго жеткирип көбөйтүүнү убадалашкан. Конституция өзгөртүлгөн, быйыл 1-январда пенсия тууралуу 44-беренеси күчүнө кирмек. Бирок күчүнө кирген жок. Себебин юрист Таттыбүбү Эргешбаевадан сурайбыз.