Өлкөдө алтын экспорту көбөйдү, бирок Улуттук статком анын көлөмүн кайрадан азайтып көрсөттү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь айынан мартка чейинки аралыкта Кыргызстандан экспорттолгон алтындын баасы 50,29 млн долларды түздү. Кыргызстан алтынды эки өлкөгө экспорттоду: Швейцарияга 40,59 млн долларга жана Кытайга (Гонконгго) 9,69 млн долларга. Швейцарияга жөнөтүүнүн салыштырма салмагы 654 киллограмдан ашык, ал эми Кытайга — 167 кг ашты.

Бирок Швейцариянын Тышкы соодасынын Бажы жана чек ара коопсуздугу боюнча федералдык башкармалыгынын маалыматы Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети келтирген маалыматтан айырмаланат.

Швейцария тараптын маалыматына ылайык, Кыргызстандан жөнөтүлгөн алтындын суммасы 70 млн швейцар франкынан (75,7 млн доллардан) ашкан, ал эми баалуу металдын салыштырма салмагы 1242 кг түзгөн.

Швейцариянын Тышкы соодасынын Бажы жана чек ара коопсуздугу боюнча федералдык башкармалыгынын сайтынан скриншот.

Соода статистикасынын Trade Map эл аралык сайты швейцариялык мекеменин маалыматын тастыктайт. Trade Map сервисинин маалыматына ылайык, Кыргызстан Швейцарияга 75млн доллардан ашык суммага баалуу металл экспорттогон. Экспорттун негизги бөлүгү мартта жөнөтүлгөн.

Trade Map сайтынан скриншот.

Мындан тышкары, Кытайга (Гонконгго) экспорттолгон алтындын баасы 11,65 миллион долларга бааланган — бул Улуттук статистикалык комитеттин көрсөткүчүнөн дээрлик 2 млн долларга көп.

Ошондой эле Кыргызстан Түркияга 2023-жылдын январ-февраль айларында 3,33 млн долларга баалуу металл экспорттогон. Улуттук статистикалык комитет өзүнүн маалыматында Түркияга экспорттолгон алтынды көрсөткөн эмес. Ошентип, Кыргызстан экспорттогон алтындын жалпы суммасы 90 млн доллардан ашкан.

2022-жылы Кыргызстан үч өлкөгө 290,5 кг алтын саткан. Эң көп баалуу металл Кытайга (Гонконгго) 202 кг сатылган. Түркияга 83,4 кг, ал эми Бириккен Араб Эмираттарына 4,9 кг алтын экспорттогон.

Ошол эле маалда Швейцариянын Федералдык бажы жана чек ара коопсуздугу, тышкы соода башкармалыгынын маалымат базасы менен Trade Map’тын маалыматында Кыргызстан Швейцарияга экспорттолгон алтындын баасы 1 500 кгдан ашып, баасы — 87 млн доллар деп көрсөтүлгөн.

Ал эми 2021-жылы Кыргызстанда коомчулук жана депутаттар дайыны чыкпаган 19 тонна алтын боюнча нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Анткени Улуттук статистикалык маалымат баалуу металлды алган өлкө тууралуу маалыматты жашырган болчу.

Кийинчерээк Кыргызстандын Улуттук банкы алтын «Европа өлкөлөрүнүн бирине» сатылганын ырастап, накталай доллар керек болуп, ал үчүн эл аралык резервдеги алтынды сатуу чечими кабыл алынган деп белдирген. Соцтүйүндүн колдонуучулары менен журналисттер алтын 1,1млрд долларга Швейцарияга сатылганын таап чыгышкан.

Автору: Шахриёр Исмаилходжаев.