Өзгөн: Окуучулардын өзүнөн чоң класстагылар тарабынан сабалышына байланыштуу мугалимдерге эскертүү берилди

Ош облусунун Өзгөн районунда окуучулардын өзүнөн чоң класстагылар тарабынан сабалганына байланыштуу бир нече мугалимге эскертүү берилди. Бул тууралуу 21-майда Билим берүү министрлиги билдирди.

19-майда соцтармактарда Өзгөн районунун Жээренчи айылындагы №11 Жумакадыр Мойдунов атындагы мектептин окуучуларынын чоң класстагы балдар тарабынан сабалган видеосу тараган. Анда улуу балдар кичүүлөрүн катар тизип чөгөлөп жаткызып, андан соң тургузуп, бетке чаап, тепкилешкен.

Ал эми Билим берүү министрлиги 21-майда аталган окуя тууралуу комментарий берип, Өзгөн районунда жайгашкан Мойдунов атындагы орто мектептин окуучулары чырдашканын тастыктаган.

Министрликтен окуя 17-майда «сабактан тышкаркы мезгилде тыт талаасында болгон» деп билдиришкен. Анда «окуучулар арасындагы конфликт» видеого тартылып, соцтармактарга тарап кеткени айтылган.

Буга байланыштуу Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгынан түзүлгөн комиссия жана ата-энелер менен бирге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир нече мугалимге тиешелүү чаралар колдонулган.

Ага ылайык, мектепте тарбиялык иштерди жетишсиз деңгээлде алып барганы үчүн директордун орун басарына сөгүш, ал эми социалдык педагогго жана 8-класстардын класс жетекчилерине эскертүү жазасы берилди.