Ош: Борбордук стадионду капиталдык оңдоп-түзөөгө 25 млн сом сарпталат

Оштогу Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 25 млн сом коротулат. Бул тууралуу «Клоопко» 24-майда калаа бийлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган сумма быйыл республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Бирок анын стадионду оңдоого жетип-жетпеси азырынча белгисиз. 

Мэриядан бул каражатка 12 миң 500 отургуч толугу менен алмаштырылып, административдик имараттын сырты жаңыланат деп билдиришти. Ошондой эле футболчулардын кийим алмаштыруучу жана душ бөлмөлөрү толук оңдолору айтылды.

«2019-жылы стадиондун бир бөлүгү гана оңдолгон, капиталдык ремонт болгон эмес. Азыр баары толугу менен оңдолот», — деп ишендиришти мэриядан.

Капиталдык курулуш башкармалыгы ремонт иштеринин бир бөлүгү үчүн 19-апрелде 16 млн 713 миң 842 сомго тендер жарыялап, аны «Универсал Компани ЛТД» ЖЧКсы уткан. Аталган компания курулуш иштери үчүн 13 млн 480 миң 151 сом сунуштаган.

Башкармалыктан калган суммага тендер азырынча жарыялана электигин айтышты. Ошол эле учурда капиталдык ремонт 31-августка бүтөт деп убадалашууда. 

Акматбек Сүйүмбаев стадиону 1960-жылы 12 миң көрүүчүгө ылайыкталып курулган. Стадион капиталдык оңдоодон акыркы жолу 2000-жылы өткөн. Ошол убакыттан бери отургучтары талкаланып, чуркоо тилкесинде жаракалар кетип, административдик имаратынын сырты эскирип оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келген.

Акыркы жолу 2019-жылы Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланганынын шылтоосу менен стадион оңдоп-түзөөдөн өткөн. Анда жергиликтүү жеке ишкерлер оңдоо иштерин колдоого алып, 10 млн сомго жакын каражат бөлүшкөн. Каражатка стадиондун VIP залы, отургучтары жана ажатканалары жаңыланып, бирок оңдоо иштери сынга кабылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүрөт баян: Оштун башкы стадиону 19 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек

Оштун борбордук стадиону жеке ишкерлердин каржылоосу менен оңдолууда

Бир кадр менен: Оштун стадионуна орнотулган ыңгайсыз отургучтар

Бир кадр менен: Оштун бийлиги стадиондогу туура эмес орнотулуп калган отургучтарды алып салды