Казино жана букмекердик контораларга лицензия сатуудан мамлекетке 126 млн сом түштү

Казино жана букмекердик конторалардын ишмердигине лицензия сатуудан бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджетке 126 млн сом түштү. Бул тууралуу парламенттин 25-майдагы жыйынында Мамфинкөзөмөлдүн башчысы Марат Пирназаров билдирди.

Анын айтымында, 84 млн сом бир казинодон, калган 42 млн сом төрт букмекердик конторадан түшкөн.

Казино ишмердиги үчүн биринчи лицензияны президент Садыр Жапаровдун жакын досу Архыбек Бурканов менен байланышы бар «Гранд Казино» ЖЧКсы сатып алган. Казинонун өзү мурдагы «Золотой дракон» кытай ресторанынын имаратында ачылган.

Казино ишмердигине өлкөдө 2012-жылдын 1-январында тыюу салынган. Тыюу кайра 2022-жылдын жайында алынган.

Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров 30-июнда кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Бийлик мыйзамдын максаты «инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү» деп айтууда.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары жана 21-жашка чейин чет элдик жарандар кумаркананын кардары боло албайт. Мыйзамга каршы тараптар буга ишене бербейт, себеби алар бийлик аталган талаптын аткарылышын камсыздай албайт дешет.

Тема боюнча:

Жапаровдун досунун Бишкекте ачылган жаңы казиного кандай тиешеси бар?