Жапаровдун досунун Бишкекте ачылган жаңы казиного кандай тиешеси бар?

Сүрөт: fabrikasimf / Freepik

Бишкекте мурдагы «Золотой дракон» кытай ресторанынын имаратында кумар оюндарына салынган тыюу алынгандан кийин биринчи казино ачылды. Ал эки жумадан бери иштеп жатат. Оюн бизнеси үчүн биринчи лицензияны сатып алган компания президент Садыр Жапаровдун жакын досу менен байланышы бар экенин журналисттер буга чейин учкай айтышкан болчу. «Клооп» алар кандайча байланышта экенин айтып берет.

Кумар оюндарына тыюу 2012-жылы салынган. Ал эми өткөн жылдын жайында ызы-чуу болуп атып жокко чыгарылган. Бирок казино ачууга берилген биринчи лицензия тууралуу быйыл май айында гана белгилүү болгон. Аны 84 млн сомго «Гранд Казино» деген жаш компания сатып алган.

Аны 2022-жылдын ноябрында Юстиция министрлигинде жетекчиси жана негиздөөчүсү Абдыманапов Адилет Абдыманапович каттоодон өткөргөн. Өткөн жылга чейин анын ишмердүүлүгү тууралуу ачык булактарда маалымат жок болчу. Бирок учурда ал Арзыбек Буркановго иштейт — президент Садыр Жапаровдун жакын досу.

Табышмактуу жаш мультимиллионер

Арзыбек Бурканов — белгилүү киши, ал жөн адам эмес. Ал парламент депутаты болгон, Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткарган, президентик шайлоодо Садыр Жапаровдун ишенимдүү өкүлү жана премьер-министрдин кеңешчиси болгон. Депутат Жанар Акаевдин айтымында, «резюме көтөргөндөрдүн баары» Буркановго чуркап барышат. Бурканов менен байланыштырып жатышкан компания президенттин шайлоо фондунун демөөрчүсү болгон.

Кыргызстанда казино ачууга биринчи лицензияга ээ болгон Адилет Абдыманапов жөнүндө маалымат аз. Салык кызматынын базасында аты-жөнү ушундай эки адам чыккан. «МедиаХаб» экөө тең 30га чыга электигин көңүл бурган.

Ошол эле учурда Мамфинкөзөмөл «Гранд Казино» ЖЧКсы лицензияны 84 млн сомго сатып алганын билдирген. Ал эми лицензия алуу үчүн кайрылган компаниянын, мыйзам боюнча, дагы башка чыгымдары көп болот. Бул курактагы жаш жигит мынча акчаны кайдан алган?

«Клооп» казино боюнча Буркановдун туугандары менен компаниянын кызматкерлерине бир нече ирет комментарий сурап кайрылды. Бирок түз жооп ала алган жок. А бирок кандайдыр бир кызыктуу жагдайларда, биздин телефон чалуулардан кийин, маморгандардын сайттары менен казинонун өзүнүн сайтында өзгөрүүлөр болуп кетиптир. Салык кызматынын сайты жаңыланып, эми ал жерде 1999-жылы туулган бир эле Адилет Абдыманапович Абдыманапов калган.
 
Юстиция министрлигинин сайтында «Гранд Казинонун» жетектөөчү курамы дагы өзгөргөн. Эми компания жетекчиси деп башка адам жүрөт — Нурбек Султанов. Султановду Бурканов менен байланыш башка компаниялардын курамынан дагы тапса болот. Ал эми компаниян негиздөөчүсү катары мурдагы бойдон эле Абдыманапов калган. Ошол эле учурда министрликтин документинде компаниянын кайра катталган күнү көрсөтүлгөн эмес.

«Эч нерсе билбейм, азыр бош эмесмин» 

«Гранд Казино» компаниясы Бишкектин 12-кичи районундагы үйдө катталган. Кадастр документине ылайык, бул имаратты Буркановдун ишканасы курган. Андан кийин компания катталган орун жайдын ээлери бир канча жолу алмашып, бирок акырында кайра Буркановдорго кайткан. Азыр ага Арзыбектин бир тууганы Маманазар Бурканов ээлик кылат. 

Алардын туугандык байланышын «Клоопко» Арзыбектин аталаш тууганы, Баткендин мэри Имамназар Бурканов тастыктады. «Мен [Маманазар Буркановдун] кыш чыгарган заводу бар экенин билем. [Ал] казино же башка нерсе ачып жатабы, менин эч кандай маалыматым жок», — деди мэр. 

Ачык булактагы маалыматтардан Маманазар Бурканов 2018 жана 2020-жылдары Баткен шаардык кеңешинин депутаты болгону белгилүү. «Баткендеги кыш чыгарган заводго»  Маманазар 2015-жылдан бери ээлик кылат, бирок завод кандайдыр бир киреше береби-жокпу — белгисиз: 2018-жылга карата декларацияга ылайык, анын кирешеси 0 сом деп көрсөтүлгөн. 

«Клооп» казинонун ачылышына Маманазар Буркановдун кандай тиешеси бар экенин жана «Гранд Казинонун» дареги эмне үчүн ага катталганын билүү үчүн аны менен байланышты. Бирок ал «Мен эч нерсе билбейм, азыр бош эмесмин, жооп бере албайм», — деп телефонду коюп койду.

Чегин билбеген ишенимдүүлүк

«Гранд Казино» компаниясы кумаркана ачууга лицензияны 2023-жылдын апрелинин аягында алган. Бирок аны ачууга бир канча ай мурда эле даярдык көрө баштаган. 

2022-жылдын ноябрында компания Юстиция министрлигинде катталган. Декабрда сайтына домен каттаттырган. Февралда Инстаграмда аккаунту пайда болуп, крупье мектебине кабыл алууларды баштап, талапкерлерге жумуш берүүнү убадалаган. 2023-жылдын мартында казиного кызматкерлерди кабыл алуу жарыясын чыгарган. Ал эми апрелде, лицензия алганга чейин Карьерист.ру сайтында «Гранд Казинонун» HR-менежерлик кызматына вакансия жарыяланган

Чоң акча лицензия жана кызматкерлерди алууга гана коротулган эмес, мартта Kaktus.media «Европа плюс» радиосунун эфиринен жаңы казиного дилерлер керектиги тууралуу жарнаманы уккан. Журналисттер жарыяда айтылган номерге чалып, казино Бишкектеги мурдагы «Золотой дракон» ресторанынын имаратында ачыларын билишкен.  

Анын баары көптөгөн чыгымды талап кылат, аны казино каттоодон өтөт деген бекем ишенич менен гана актаса болот. Болбосо, мыйзамда көрсөтүлгөн шарттардын көптүгү жана ири резервдик фонд болушу керек деген шарты «четте турган» талапкерлерди лицензия алганга чейин каражат салбай турууга түртмөк да. 

«Ал жерде Бурканов жок, жалаң чет элдиктер»

Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров 30-июнда кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Казино ишмердигине өлкөдө 2012-жылдын 1-январында тыюу салынган. Ал убакта мыйзам долбоорунун демилгечиси, ошол кездеги депутат Бакытбек Жетигенов казинолордун жана оюн автоматтары кумар оюндарына жакын адамдардын моралдык жана психикалык абалына «терс» таасирин тийгизип жатканын белгилеген

Азыр болсо бийлик мыйзамдын максаты «инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү» болуп саналат деп айтууда.  

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары жана 21-жашка чейин чет элдик жарандар кумаркананын кардары боло албайт. Мыйзамга каршы тараптар буга ишене бербейт, себеби алар бийлик аталган талаптын аткарылышын камсыздай албайт дешет. «Гранд Казинонун» жетекчиси Нурбек Султанов казино мамлекетке пайда алып келүүдө деп ишендирүүдө. 

«Бизде лицензия аябагандай кымбат турат экен – 84 миллион сом. Элестетип көрүңүз: бир пенсионер 20 миң сом алат деп коёлу. [Пенсия алган] 50 адам — бул бир миллион сом. 84 миллион сом деген бул бюджетке кандай чоң салым! Анын эмнеси жаман, билбей турам. Эч жаман нерсе көргөн жокмун. Жакында эле [… “Гранд Казино”] иштеп баштай элек жатып 7 млн сом салык төктү», —  деген ал 22-майда «Клоопко» курган маегинде. 

Ал эми Буркановдун казиного тиешесин казинонун директору караманча четке кагууда. 

«Арзыбек Буркановдун [“Гранд Казиного”] эч кандай тиешеси жок», — деп билдирди Султанов.  — Инвесторлорду [тартканбы-жокпу] билбейм. Азыркы учурда эч кандай тиешеси жок, ал жерде жалаң чет өлкөлүктөр […] Силер документтер менен таанышып чыксаңар керек? Бир жеринде Бурканов бар бекен? Жок да. Балким, чет өлкөлүк инвесторлорду тартууда кандайдыр бир тиешеси бар болгондур, бирок компания менен казинонун ишмердигине эч кандай тиешеси жок».   

Буга чейин Буркановдун кызматкерлеринин бири «МедиаХабдын» журналисттерине дагы чет элдик инвесторлор жөнүндө айткан. «Мунун артында индиялык-инвесторлор турат», — деген ал.  

Авторлору: Александра Ли, Зулайка Эркимбаева