Аламүдүн: Мурдагы айыл башчы жана жергиликтүү депутат коррупцияга шектелип кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь айыл аймагынын мурдагы айыл башчысы жана жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты «туруктуу коррупциялык схема» уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 27-майда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-2020-жылдар аралыгында айыл башчы өз алдынча башкаруу органынын адиси жана депутат менен сүйлөшүп алып жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү деген шылтоо менен тургундардан мыйзамсыз түрдө акча өндүрүшкөн.

Тургундар 30 миң сомдон «Марлен Кей Джи» коомдук кайрымдуулук фондунун эсебине которууга мажбур болушкан.

«Бул схеманы ишке ашыруунун натыйжасында, акча Октябрь айыл аймагынын бюджетинен айланып өтүп, жер тилкесин алуу үчүн шарт катары киргизилген. “Айыл Банк” ААКсынан “Марлен Кей Джи” фондунун финансылык эсептериндеги документтерди алуунун жыйынтыгында мыйзамсыз жыйымдардын жалпы суммасы 6 млн 767 миң сомду түзгөндүгү, ал акчалар мезгил-мезгили менен айыл башчы тарабынан накталай алынып турганы аныкталды», — деп белгилешти атайын кызматтан.

«Марлен Кей Джи» кайрымдуулук фндуна акча которгондордун саны 240тан ашат. Мындан сырткары, коррупциялык схеманын кесепетинен тургундардын жер тилкелерин алуу кезеги одоно бузулган.

Мурдагы айыл башчыга «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», ал эми мурдагы депутатка «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайда. Тергөө уланууда.