Түркиядагы шайлоо: Алдын ала жыйынтык боюнча Эрдоган 52%дан ашык добуш алды

Режеп Тайип Эрдоган

28-майда Түркияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында «Анадолу» маалымат агенттиги жарыялаган алдын ала жыйынтык боюнча өлкөнүн учурдагы президенти Режеп Тайип Эрдоган добуштардын 52,16%ын алып, алдыга озуп чыкты.

Ал эми анын атаандашы, алты партиядан турган оппозициялык «Улуттук альянстын» талапкери Кемал Кылычдароглу 47,84% добушка ээ болду.

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин расмий билдирүүсүнө ылайык, урналардын 99,43%ы саналып бүттү. Ага ылайык, Эрдоган добуштардын 52,14%ын, ал эми Кылычдароглу 47,86% добушка ээ болду.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуштар дээрлик толугу менен саналып бүткөн соң Эрдоган Стамбул шаарында миңдеген тарапташтарына «шайлоодо бир гана Түркия жеңишке жетти» деп билдирди.

Эрдоганды президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңиши менен биринчилерден болуп Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттукташты.

Ал эми экинчи айлампадагы Эрдогандын жалгыз атаандашы Кылычдароглу президенттик шайлоону «соңку жылдардагы эң адилетсиз шайлоо» деп атады. Кылычдароглу тарапташтарына ыраазычылык билдирип, «өлкөгө чыныгы демократия келгенге чейин күрөштүн жол баштоочусу болууну улантабыз» деп билдирди.

14-майда Түркияда он үчүнчү президенттик жана 28-жолку парламенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында бир дагы талапкер 50%дык добуштук көрсөткүчкө жете албаганына байланыштуу шайлоонун экинчи айлампасы 28-майда өттү.

Түркиянын учурдагы президенти Эрдоган — өлкөнү 21 жылдан бери башкарып келе жаткан «Адилет жана өнүгүү партиясын» (АК Parti) жетектеп келет. Ал 2014-жылы Түркиянын он экинчи өлкө башчысы болуп шайланган. Буга чейин ал Стамбул шаарынын мэри болгон, ошондой эле премьер-министрлик кызматты аркалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түркиядагы президенттик шайлоо: Экинчи айлампа өткөрүлүшү ыктымал